КСДП: Алмазбек Атамбаев Текебаевди “камоо” тууралуу тапшырма берген эмес

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева абактагы саясатчылардын ишин кайра карап чыгуу боюнча Саясий кеңештин чечимине түшүндүрмө берди.

Анда “кеңеш чуулгандуу иштерди кайра карап чыгуу боюнча демилгелерге позициясын гана билдирүүнү туура көргөнү” айтылат.

“Позициясын билдирүү менен абактагыларды бошотуу талабын айтуу эки башка нерсе. Болгондо дагы, айрымдар белгилегендей Алмазбек Атамбаев “камоо” тууралуу тапшырма берген эмес. Бул тууралуу экс-президент өзү да бир нече жолу айткан. Укук коргоо органдарынын жетекчилерин мыйзам чегинде гана иштөөгө чакырган”, – деп жазылат партиянын расмий билдирүүсүндө.

Ошону менен бирге Жолдубаева, экс-президент Алмазбек Атамбаев Маевский Өмүрбек Текебаевге миллион доллар пара берген фактыдан шек санабайт, – деп билдирет.

Источник: govori.tv