Атамбаевден КСДПны талашкан Абдрахманов: "Асылбек Жээнбеков менен көптөн бери таанышпыз"

Автор: Нургазы Аматов
SUPER.KG SUPER.KG
Обратите внимание на дату публикации.

"Асылбек Жээнбеков менен көптөн бери таанышпыз, бирок "КСДП Атамбаевсиз" кыймылына анын тиешеси жок", - деп бүгүн, 18-апрелде маалымат жыйынында өзүн КСДПнын жаңы төрагасымын деген Сагынбек Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, аталган кыймыл өз ишин токтотту. "Бул кыймыл КСДПнын ичинен чыккан. Парламенттеги коалиция биз тарапта", - деди ал.

КСДПнын юристи деп өзүн тааныштырган Муратбек Жапаров Атамбаевдин доору бүттү деп айтты. "Азыр КСДПнын жаңы мыйзамдуу төрагасы - Сагынбек Абдрахманов. Юстиция министрлигинин тиешелүү чечими бар", - деди Жапаров.
 

Источник: super.kg