Ташиев: "Мен оппозиционер эмесмин, Бабановдун мекенине кайтып келишине шарт түзүп беришибиз керек"

Автор: Нургазы Аматов
SUPER.KG SUPER.KG

Өмүрбек Бабановдун Кыргыз өлкөсүнө кайтып келишине шарт түзүп берүү керек. Мындай пикирин бүгүн, 9-апрелде маалымат жыйынында саясатчы Камчыбек Ташиев билдирди.

"Учурда "Бабанов менен Ташиев биригип, өлкөдө революция даярдап жатышат" деген жалган сөздөр айтылууда. Мен бийликке оппозиционер эмесмин. Сооронбай Жээнбековдунпрезидент болушуна салым кошконумду эл билет, анын ийгиликтүү иштешин каалайм.

Парламенттик шайлоодо биз, Бабанов экөөбүз бир болгонбуз. Жакында аны менен жолугуп саясатты талкуулаганбыз. Бекинип жолугуп саясат кылган адамдардан эмесмин. Бабанов менен ачык сүйлөштүк. Бабановдун өлкөгө кайтып келүүгө укугу бар. Шайлоодо эмнелер гана айтылган эмес. Ал өлкөдөгү оор абалды көрүп, элдин тынчтыгын жогору коюп, 1,5 жыл саясатка аралашкан жок. Биз, бардыгыбыз анын мекенине кайтып келишине шарт түзүп беришибиз керек. Эгер эл деген саясатчыларды өлкөдөн кетире берсек, ким калат?" - деди Ташиев.

 

 

 

Источник: super.kg