"Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровду бошотуу - элдин тилеги" дейт Ташиев

Автор: Нургазы Аматов
SUPER.KG SUPER.KG
Обратите внимание на дату публикации.

Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаров абактан чыгышы зарыл. Мындай пикирин бүгүн, 9-апрелде маалымат жыйынында саясатчы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, эл саясий тирешүүлөрдөн тажады. "Мен карапайым адамдар менен жолуккам. Алардын талабы - экс-президент Алмазбек Атамбаев менен президент Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы тирешүүнү токтотуу. Бул тиреш өлкөнүн өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизип, коомду экиге бөлүп, чоң жаңжалга алып барууда. Муну токтотуу зарыл", - деди Ташиев.

Мындан тышкары ал бийлик Текебаев менен Жапаровдун абактан бошотулушу боюнча саясий чечим чыгарышы зарыл экенин айтты. "Абакта отурган бул эки адам - коом үчүн маанилүү адамдар. Азыркы системди түзүшкөн, көп жылдар бою депутат болушкан. Буларды кылмышкер деп эсептебейм. Алардын эркиндикке чыгышы - элдин тилеги", - деп кошумчалады саясатчы.
 

Источник: super.kg