“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров “Супер-Инфо” гезити боюнча билдирүү жасады.
Бийлик Кыргызстандагы эң көп нускалуу “Супер-Инфо” гезитин кысымга алууга киришти. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат жасалма айыптар менен гезит жетекчилерин тынымсыз суракка чакырып, басым көрсөтүп жатат. Бул сөз эркиндигин кысымга алууга жана калктын ар тараптуу маалымат алуусуна жол бербөөгө тете көрүнүш.
Бийликтин бул аракети Кыргызстандын Баш мыйзамы болгон Конституциянын 31-беренесинин 1,2-бөлүмүнө, 33-беренесинин 1-бөлүмүнө карама-каршы келет. Буга жол берилбеш керек!
“Бүтүн Кыргызстан” партиясы бийликтен сөз эркиндигин камсыздоону жана өлкөдөгү эң көп нускалуу гезитти кысымга алууну токтотууну талап кылат. Гезиттин миңдеген, он миңдеген окурмандары ар тараптуу маалымат алуу укугунан ажыратылбашы керек.