Ахматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаев соттун Алмазбек Атамбаев ар бирине 100 миң сомдон төлөп берет деген чечимине макул эмес

Автор: Кызжибек Раимова
SUPER.KG SUPER.KG
Обратите внимание на дату публикации.

Саясатчылар Ахматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаев Бишкек шаарындагы Октябрь райондук сотунун буга чейинки чечимине макул эмес. Маалым болгондой, аталган 3 саясатчы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана ал интервью берген "Апрель" телеканалынын үстүнөн сотко доо арыз жазышкан. 28-февралда бул боюнча соттук отурум өтүп, сот Алмазбек Атамбаевди алардын ар бирине 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирген. Ал эми "Апрель" телеканалы доогерлерге эфирдик убакыт берүү чечимин кабыл алган.

Бүгүн, 13-мартта КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева Ахматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаев бул чечимге макул болбой, Бишкек шаардык сотко арыз жазышканын маалымдады. Айтымында, алардын ар бири буга чейин айтып келген 6 миллион сомдон акча төлөп берүү талабы менен сотко кайрылышкан.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Саясатчылар Азимбек БекназаровАхматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшөбаев ар бири Алмазбек Атамбаевден жана "Апрель" телеканалынан 3 миллион сомдон талап кылып жатышат. Жалпы сумма 18 миллион сомду түзөт. Доогерлер телеканал алардын кадыр-баркына шек келтиргенин айтышкан.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалына берген интервьюсунда Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаев өлкөдөгү ыңкылаптардан пайда көрүүнү эңсеп турганын жана Ахматбек Келдибековдун коррупциялык иштерге тиешеси бар экенин белгилеген. Мындан улам алар бул маалыматтын негизинде "Апрель" телеканалын жана анын эфири аркылуу интервью берген экс-президент Алмазбек Атамбаевди сотко беришкен.

Источник: super.kg