Мурат Суталиновдун жубайы президентке кайрылды: Позицияңызды билдирип коюңуз

Обратите внимание на дату публикации.

Бишкек шаардык соту УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталиновдун оор дартка кириптер болгонунан улам эркиндикке чыгаруу өтүнүчүн карамак. Бирок, кандайдыр бир себептер менен соттук отурум 20-мартка жылдырылды. Мындан улам мурдагы чекисттин жубайы соцтармактагы баракчасы аркылуу мамлекет башчыга кайрылды. 

 “Менимче, сизге соцтармактарга эмнелер тууралуу жазылып жатканын айтып турушат болушу керек. Ленин райондук сотунун судьясы Б. Сыдыгалиевдин менин жолдошумду, рактын акыркы стадиясындагы оорулууну эркиндикке чыгарбоо чечимин көпчүлүк эл нааразычылык менен кабыл алышты.  Мен аны өлүм алдындагы деп жазгым келбейт, анткени майтарылбас эрки, күчтүү жандүйнөсү дарттын жеңет деп ишенем. Бирок, аны эркиндикти чектеген жайда, ЖАМКнын жаңы жетекчиси Мелис Турганбаев ачык көрсөткөн шартта жасоо мүмкүн эмес. 

Мен көп адамдар менен сүйлөшкөндө, карапайым, саясаттан кабары жок адамдардан тартып тажрыйбалуу саясатчыларга чейин  Мураттын апрель окуясына байланыштуу соттолгонунан улам эркиндикке чыгарбай жатышат деген ойду карманышууда. Бирок, бул иш боюнча Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн көрсөтмөсү менен бир катар кызматкерлерди, анын катарында менин жолдошумду атайын айыптуу кылышкан да”, - деп жазды Гүлнара Суталинова. 

 “Сооронбай Шарипович! Мен юрист катары сиз соттун чечимине кирише албашыңызды биоем, бирок тилекке каршы бүгүнкү күндө айрым соттор чечим чыгараарда Акүйдү жалтаң карашат экен. Мына ошондуктан кат жазып отурам. Мен сиздин бул ишке позицияңыз кандай экенин билгим келет, Президент катары болбосо да, Кудайга ишенген адам катары оюңузду айтсаңыз”, - деп жыйынтыктаган катты.

Источник: sayasat.kg