Жээнбековдун оппозициясы ким?

Автор: Элеонора Сагындык кызы, корреспондент Би-Би-Си в Бишкеке
BBC. Кыргыз кызматы BBC. Кыргыз кызматы

КСДП фракциясы менен партиясынын тиреши тереңдеп, Алмазбек Атамбаев башындагы партия өкүлдөрү учурдагы бийликке каршы оппозицияда болорун расмий жар салышты.

Кызматына киришкенине 1,5 жылга таяп калган Жээнбековго Атамбаевден башка реалдуу оппозиция ким деген суроо чыгууда. Мурунку бийликтин мураскору делип, башында Жээнбеков экс-президенттин оппозициясын "мурастап" калары күтүлгөн.

Бирок иш жүзүндө андай болбоду.

"Өздөн чыккан жат"

КСДП өкүлү Ирина Карамушкина 5-марттагы партиянын басма сөз жыйынында Социал-демократтар партиясы мындан ары оппозиция болорун билдирди.

"Мейли, биз азыр аз сандабыз. Бирок биз багытыбызды аныктап алдык, оппозицияда болобуз", -деди депутат.

Бирок талдоочулар башкаруучу партия ичиндеги жеке мамиледен чыккан карама каршылыкты оппозицияга теңөө жаңылыштык деп атышат.

"КСДПны эми оппозиция деп айтыш кыйын. Ал эки адамдын жеке мамилесинен чыккан карама-каршылык болуп атат. Оппозиция болсо, конструктивдүү, системдүү түрдө сын айтыш керек. Жеке мамиледен улам оппозицияга өтүш, оппозицияны туура эмес түшүнгөндүк",- деди Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова.

Сооронкулова өзү жакында эле Атамбаевдин тушунда бозгунга кеткен Мелис Мырзакматовдун "Улуттар биримдиги" партиясынын катчылыгына дайындалды. Партия парламенттик шайлоого даярдана баштаганын жар салып, бирок учурдагы бийликке мамилесин тактай элек.

Жаңы президентке жаңы оппозиция

Бүгүнкү күнү Кыргызстандагы оппозициянын жүзү бир беткей, бир өңчөй эмес болууда.

Мурунку бийлик тушунда "оппозициянын ана башы делген" "Ата Мекен" фракция лидери Өмүрбек Текебаев камалып, андан кийин бийлик талапкерине тең ата каршылаш болуп шайлоого катышкан Өмүрбек Бабановдундун партиясы башкы оппозициялык партия талапкери катары карала баштаган эле.

Бирок шайлоодон кийин саясаттан кеткенин жар салган "Республика" партиясынын лидери оппозицияда эмес, бийликтин тилин таба албай убара.

"Текебаев түрмөдө болсо, Бабанов сыртта болсо, парламенттеги кичинекей "Ата Мекен" фракциясынын колунан эч нерсе келбесе. Мадумаров бир жалгыз өзү, парламентте да күчү жок, жалгыз баатыр деген түшүнүктөр болуп жатат болуш керек. Менимче, бул адашкандык. Эгер мындай жүрө бере турган болсо, Кыргызстанда динамика өтө бат өзгөрөт. Мунун биз ошол эле Текебаевдин 60 жылдыгына саясатчылар барышкан үлпөттөн байкап койсок болот",- дейт серепчи Эмилбек Жураев.

 

Серепчинин пикиринде соңку жылдары өлкөдө оппозициялык күчтөр жокко чыкты. Таасирдүү оппозициянын калбай баратышы мурунку бийлик тушундагы максаттуу саясаттын жыйынтыгы дейт, саясат талдоочу.

 

2017-жылы өткөн президенттик шайлоо алдында өлкөдө бир катар саясатчылар кармалып, камалып, саясий талаа тазаланган.

Атамбаевдин катуу сүрөөнү менен бийликке келген Соооронбай Жээнбеков экс-президенттин оппозициясын да "мурастайт" деп күтүлгөн.

Бирок учурда Атамбаевге кезинде оппозицияда болуп, кийин саясий негизде камалды делген саясатчылардын айрымдары (Бекболот Талгарбеков, Бектур Асанов, Кубаныч Кадыров) боштондукка чыгып, кээ бирлеринин (Өмүрбек Текебав, Садыр Жарпаров) иши кайра карала турган болду.

Мындан улам президент Жээнбековдун ишмердигин кескин сындап, ага каршы топтолгон саясий күчтөр деле азырынча байкалбайт.

Жээнбеков: ММК башкы оппозициям

Барган сайын өлкөдө оппозиция ролун парламент ичиндеги жана сыртындагы дагы саясий күчтөрдөн көрө, жарандык активисттер көбүрөөк аткарып калгандай.

"Күчтүү оппозиция сөзсүз керек. Мыйзам жолу менен оппозиция болсо, бул абдан жакшы көрүнүш болот. Кемчиликтерди айтып турса, аларды жоюу боюнча өз программасын айтып турса, мен аны колдойм. Азыр бизде оппозиция көп. Азыр ар бир ММК, журналист өзүнчө эле оппозиция да. Азыр бут эле баарын чукулап атпайсыңарбы, силерден күчтүү оппозиция барбы азыр?", -деген эле президент өзү буга чейинки басма сөз жыйынындарынын биринде.

Саясат тануу илиминде оппозиция - расмий бийликке карата өзүнүн көз карашы менен айырмаланган, коомду өнүктүрүүнүн башкача жолун сунуштаган саясий күч. Бирок Кыргызстанда оппозиция классикалык маанисинде түшүнүлбөй, бурмаланып келет, дейт Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова:

"Биздин түшүнүгүбүздө оппозиция деген бурмаланып, маңызы жоголуп калгандай. Аракеттеги президент кандайдыр бир саясат же иштердин жыйынтыгына жетиши керек да. Анан ошонун саясатына карата, "анын саясаты туура эмес болуп атат", ага каршы программабыз сунуштаган күч болсо оппозиция дейт элек. Азыркы президенттин аракеттеринин баары эле туура болуп атат да. Эмнесин сындайбыз? ".

Ошентип учурдагы бийликке оппозиция болчу Атамбаев башында турган КСДП партиясынан башка азырынча күчтүү саясий топтор байкала элек.

Бирок 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоого жакындаган сайын саясатта оппозициянын жүзү даана көрүнө башташы керек.

Источник: Кыргызская служба Би-Би-Си