Уурдалган акчаларды кайтаруу боюнча Башкы прокуратура эл аралык уюмдар менен иш алып барууда

Обратите внимание на дату публикации.

Башкы прокуратура мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда чыгарылып кеткен активдерди кайтаруу боюнча АКШ, Британия, Швейцария, Лихтенштейн, Кытайдын тиешелүү кызматтары жана бир катар эл аралык уюмдар менен иш алып барууда.

Бул тууралуу Башкы көзөмөл органдын басма сөз кызматы 5-мартта билдирди. Маалыматка караганда, ушул тапта БУУнун баңгизат жана кылмыштуулук башкармалыгынын жана Дүйнөлүк банктын активдерди кайтаруу боюнча STAR демилгеси, ушул багытта иштеген Базель институтунун башкармалыгы, Батыш жана Азия-Тынч океан аймагындагы формалдуу эмес тармак менен кызматташуу жүрүүдө.

Башкы прокуратура Британиянын жана Түндүк Ирландиянын кылмыштуулукка каршы күрөшүү улуттук агенттиги менен меморандумга кол коюу пландалып жатканын кабарлады. Мындан сырткары уурдалган активдерди издөө боюнча адистешкен юристтер тартылып жатканы белгиленип, мисал кататары Бакиевдердин АКШдагы активдерин Кыргызстанга кайтарууга жардам берген “Akin Gump Straus Hauer & Feld LLP” компаниясы көрсөтүлгөн.

Эске салсак, АКШ менен Кыргызстан мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда чыгарылып кеткен активдерди кайтаруу тууралуу эки тараптуу билдирүүгө 25-февралда Бишкекте кол койгон. Ага ылайык, Бакиев жана анын уулу Максим Бакиев чыгарып кеткен 4,5 млн. долларга жакын каражат Кыргызстанга кайтарылат.

Источник: govori.tv