Кубанычбек Кулматов мамлекетке 94 миллион 884 миң сом зыян келтирди деген экспертизанын жыйынтыгына анын жактоочусу макул эмес

Автор: Наргиза Омурбек кызы
SUPER.KG SUPER.KG
Обратите внимание на дату публикации.

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовго карата козголгон кылмыш иштин негизинде соттук экспертизанын жыйынтыгы чыгып, ал мамлекеттик казынага 94 миллион 884 миң сом өлчөмүндө зыян келтиргенин акыктаган. Кулматовдун жактоочусу Сергей Слесаревмындай жыйынтыкка макул эместигин билдирип, жогорку инстанцияга кайрылган.

Жактоочунун билдирүүсү боюнча бул жалган далилдер.

"Мындай көрсөткүчтөр ойдон чыгарылган. Бул иш боюнча саясий буйрук аткарылып жатат. Эгерде Кулматов подрядчиктерди тандап Калыс-Ордо конушундагы мектепти салдырбаганда, ал жакта дагы деле мектеп маселеси чечилмек эмес. Учурда мектеп иштеп жатат. Бул жеке менчик имарат эмес", - деди Слесарев.

2018-жылы 18-майда Кубанычбек Кулматовго карата "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Мунун алкагында ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деген айып тагылган. 5-июнда ал УКМК тарабынан камакка алынган. Буга тиешелүү материалдар Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна түшкөн.
 

Источник: super.kg