АКШ Бакиевдер чыгарып кеткен активдерди Кыргызстанга кайтарабы?

25 февраля 2019
Версия для печати

АКШнын мамкатчысынын жардамчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча биринчи орун басары Элис Уеллс Бишкекте бүгүн маанилүү билдирүү жасайт деп күтүлүүдө. Кыргызстандын Финансы министрлигинин басма сөз кызматы Курманбек Бакиевдин убагында уурдалган активдерди Кыргызстанга кайтарып берүү жөнүндө билдирүү болорун ырастады.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Уеллстин билдирүүсү эмне жөнүндө болорун конкреттүү айткан жок, бирок Кыргызстанда сенсациялык мааниге ээ боло турган эле жаңылык экенин кыйытты.

Кыргызстандын Финансы министрлигинин басма сөз кызматы өз кезегинде Курманбек Бакиевдин убагында уурдалган активдерди Кыргызстанга кайтарып берүү жөнүндө билдирүү болорун ырастады.

Би-Би-Си өзүнүн булактарынан сураштырып, сөз айтылуу Максимдин досу Гуревичтин иштери менен да байланыштуу болушу мүмкүн деген пикирлерди укту.

Гуревич АКШда алдамчылык үчүн кармалып, соттолуп жазасын өтөп жатканы белгилүү, ал өткөн жылы "Азаттыкка" берген маегинде өзү жөнүндө жана Бакиевдер өлкөдөн чыгарып кеткен 300 млн доллар жөнүндө айткан эле. Ал ошондой эле Бакиевдер чыгарып кеткен активдерди Кыргызстанга кайтаруу боюнча кыргыз бийликтери менен кызматташууга даярдыгын да билдирген эле.

К. Бакиев өзү үй-бүлөсү менен Минскиде, баласы Максим Бакиев Лондондон баш калка таап, жашап жатканы белгилүү. 2010-жылдан кийин келген Убактылуу өкмөт жана кийинки башкаруучулардын Бакиевдердин өздөрүн дагы, алар чыгарып кетти деген акчаларды да кайтарып келүү аракетинен эчтеке чыккан эмес эле.

Источник: Кыргызская служба Би-Би-Си