Равшан Жээнбеков: Азыркы өкмөттүн артында кандай «күчтүү күчтөр» турбасын, жакын арада өкмөт кетет

13 февраля 2019
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

«Азыркы өкмөттүн артында кандай «күчтүү күчтөр» турбасын, жакын арада өкмөт кетет»,- деген оюн саясатчы Равшан Жээнбеков «Апрель»  телеканалына берген маегинде билдирген.

«Өлкөдөгү саясий, экономикалык, социалдык абал президентти жарга такап койду. Эгерде өкмөттү алмаштырып, жаңы саясий фигураларды алып келбесе, же болбосо, саясий «жел чыгаруу» процессин кое бербесе, анда президенттин өзүндө көйгөй болот. Ар бир өкмөттүн артында кайсы бир «күч» турат, алар өзүнүн кишисин саясий кыска мөөнөткө, саясий кыска максаттарды ишке ашырып алууга алып келет. Азыркы өкмөттүн артында кандай «күчтүү күчтөр» турбасын, жакын арада өкмөт кетет»,- дейт Равшан Жээнбеков.  

Саясатчынын билдиришинче, өлкө башчыны уккан адам өкмөттү башкара албайт.

«Биздин президенттердин баары эле «менин айтканымдан чыкпаган, мени түшүнгөн, мени колдогон адам премьер-министр болушу керек» деп ойлойт. Ошон үчүн администрация жетекчисин биз кайра-кайра премьер-министр кыла беребиз. Бирок, алардан эч кандай жыйынтык чыкпайт. Президентти уккан адам өкмөттү башкара албайт, өкмөттү башкара алган адам президентти укпайт. Мына ушундан улам өкмөт башчы улам жаңыра берет», -деп билдирген Жээнбеков.

Источник: kabarlar.org