Жээнбековдун каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Надира Сатыгул кызы, Нурбек Токтакунов жарыялаган файлды тастыктады

12 февраля 2019
Версия для печати

Видео

Сооронбай Жээнбековдун президенттик шайлоодогу каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Надира Сатыгул кызы, укук коргоочу Нурбек Токтакунов жарыялаган Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясында сарптаган «кара кассасы» боюнча файлды тастыктады. Тактап айтканда, “Де-Факто” гезити, президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун каржылык иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болгон Надира Сатыгул кызы жөнүндө алакандай макала чыгарып, анда “экс-президент Алмазбек Атамбаев, Сатыгул кызын жөн жаткырбай кыйнап, шайлоодо сарпталган “кара касса” боюнча видео кайрылуу жаса” — деп жатыптыр” деген таризде далилсиз маалыматты жазышкан. Биздин “Oper.kg» маалыматтык сайтынын кызматкерлери Надира Сатыгул кызына байланышып, гезиттеги маалыматтын чын-бышыгын аныктоо максатында жеке өзүнөн комментарий алдык. Анын эксклюзивдүү билдирүүсүн жогоруда уксаңыздар болот.

 

Источник: oper.kg