Коопсуздук Кеңеш Асылбек Жээнбеков боюнча жооп берди (Видео)

Фото: Асылбек Жээнбеков
Обратите внимание на дату публикации.

Бүгүн, 7-январда Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат жыйынын өткөрдү. Жыйындын алкагында, Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш иши аяктады жана жуманын аягында сотко өткөрүлөт деп билдирди.

Мындан тышкары, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусунун ТВЕА кытайлык компаниясы менен келишим түзүүдө Асылбек Жээнбековдун тиешеси бар деген билдирүүсүнө, Дамирбек Сагынбаев бардык күнөөлүүлөргө айып тагылды деп жооп берди.

“Тергөөнүн жүрүшүндө  чоң коррупциялык схема аныкталган. ТВЕА компаниясы менен келишим түзүлүп жатканда  Кыргызстандын кызыкчылыгы каралган эмес “- деп кошумчалады Сагынбаев.

Ошондой эле,  Сагынбаев “аталган кылмыш иши боюнча кайра текшерүү болбойт, себеби кылмышы иши аяктады” – деди.

Видео

Источник: fakt.kg