Мыйзамдагы жылчыктар же депутат болгон уурулар барбы?

Автор: Кубатбек Чекиров, редактор Кыргызской службы Би-Би-Си, Бишкек
BBC. Кыргыз кызматы BBC. Кыргыз кызматы
Обратите внимание на дату публикации.

 Кыргызстанда ички иштер министри өткөн жылы уюшкан кылмыштуу топтун 44 адамы кармалганын, анын ичинде жетөө жогорку статустагы адамдар экенин билдирди. Кашкар Жунушалиев ошол эле учурда уюшкан кылмыштуу топтордун Жогорку Кеңешке кирип алган мүчөлөрү жөнүндө маалыматты четке какты.

Уюшкан кылмыштуу топтордун Жогорку Кеңеште отурган мүчөлөрүнүн толук тизмесин жарыялоо жөнүндө суроону ички иштер министри күтпөсө керек. Бирок министр сөзүнөн жаңылган жок.

"Депутат болордон мурда аларды текшерет, биздин маалымат борбору аларга компромат материалдар жок деп күбөлүк кат берет. Ошол жетиштүү",-деди Кашкар Жунушалиев.

 Ууру депутаттардын тизмеси

Журналист Жогорку Кеңештеги жана жергиликтүү деңгээлдеги айрым депутаттардын уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар экени жөнүндө мурдакы ички иштер министри Абдылда Суранчиевдин айтканын эске салды.

2014-жылы Суранчиев "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында уюшкан кылмыштуу топтор менен байланыштагы шаардык жана жергиликтүү кеңештин кеминде 19 депутатынын аттарын атаган эле. Ал тизме азыр деле Интернеттен өчө элек.

Андан кийин бул темадагы сөз токтоп калган эле. Эми жакында Токмокто болгон атышуудан кийин дагы бир депутаттын кылмыштуу топтор менен байланышы жөнүндө талкуу күчөдү. Көрсө, атышууга катышкандардын бири депутаттын жакын тууганы экен.

2016-жылы шайлоо болгондо кылмыштуу топтор менен байланышы бар кеминде сегиз талапкер жөнүндө маалыматтар БШКга берилген экен. ИИМдин маалыматына караганда, ошол сегиз адамдын бирөө гана жергиликтүү кеңешке шайлоодон четтетилген.

Шайлоого бараткан талапкерлер ИИМдин маалымат борборунан мурда кийин соттолгону жөнүндө күбөлүк кат алпаргандан кийин шайлоого катышканга уруксат алат.

Генерал айтса да жарабайт

Бирок эгерде кимдир бирөөнүн тигил же бул кылмыштуу топтор менен байланышы бар болгон күндө да анын шайлоого барышына тоскоол боло албайт. ИИМдин маалыматын жокко чыгарып, талашып чыкканга көп негиз бар. БШК кимдир бирөөнүн уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү экенин соттун чечими менен гана тааный турганын билдирип келатат.

БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бегматов бул жүйөөнү бүгүн Би-Би-Сиге да кайталап айтты:

"Соттун чечими менен гана ярлык илиниш керек. Мыйзамда ошондой жазылган. Бул уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү же анын жетекчиси деп сот гана аныктайт деп. Биз болсо бирөө айтты, он киши айтты, ИИМ, участкалык милиция, генерал айтты, лейтенант айтты деп айта албайбыз да. Же алардын бир даражалоосу жок. Мунус айтса эп болот, тигиниси айтса калп болот дегендей".

Кандай болгон күндө дагы бул тема кыргыз мыйзамдарында кылмыштуу топтордун бийлик түзүмдөрүнө киришине тоскоол боло албаган жылчыктар бар экенин көрсөтүп жаткандай. Ошондуктан Жогорку Кеңеште шайлоо мыйзамдарын карап жаткан убакта өзүнчө бир орчундуу эксперттик көз менен электен өткөрүп алуу зарыл өңдөнөт. Парламент жаңы жылдан кийинки жыйындарында шайлоо мыйзамдарын оңдоонун үстүндө иштей турганы айтылган эле.

Источник: Кыргызская служба Би-Би-Си