Мээрбек Мискенбаев "Айкөл Ала Тоо" коомдук бирикмесинин төрагалыгынан өз каалоосу менен кетти

Обратите внимание на дату публикации.

"Айкөл Ала Тоо" коомдук бирикмесинин төрагалыгынан Мээрбек Мискенбаев бошотулду. Мындай чечим  кезектеги жыйында кабыл алынганын аталган бирикмеден билдиришти.  

Эске салсак, экс-депутат Мискенбаев коомдук бирикмени төрт жылдан бери жетектеп келген. Маалыматка караганда, төрагалыктан кетүү анын жеке чечими болгон.  

"Жетекчиликтин алмашуусу биздин ишмердүүлугүбүзгө зыянын тийгизбейт. Биз апрель баатырларын социалдык жактан камсыздандыруу боюнча аракетибизди жасай беребиз. Саясатта калыс, ортодогу позиция карманабыз", - деп билдирди коомдук бирикме.  

Ошондой  эле, аталган бирикменин 17-январга белгиленген митингге эч кандай катыштыгы жоктугун баса белгилешти. Алар кытайга каршы чакырыктарга кошулушпайт. 

Источник: sayasat.kg