Каныбек Иманалиев: "3 күндөн кийин Кыргыз парламенти 80, анын символу Өмүрбек Текебаев 60 жашка чыгат"

Автор: Бекболот Сарыбаев
SUPER.KG SUPER.KG
20 декабря 2018
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Бүгүн, 19-декабрда Бишкекте Өмүрбек Текебаевдин 60 жылдыгына карата фото көргөзмө ачылды.

Көргөзмөдө сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Текебаев президент болбой туруп Кыргыз парламентинин символуна айланганын белгиледи.

"Бүгүнкү чогулган эл кыргыз элинин Өмүрбек Текебаевге болгон урматы зор экенин билдирет. Эң кызыгы, 3 күндөн кийин Кыргыз өлкөсүндөгү парламент 80 жашка, Текебаев 60 жашка чыгат. Ошол 80 жылдын дээрлик 30 жылында Текебаев депутат болду. Ал президент болбой туруп парламенттин символуна айлана алды. 30 жыл бою принцибинен артка кайтпай, өлкөбүздүн жолу демократия менен парламентаризмде экенин айтып, бул үчүн күрөшүп келди. Мына ушунун кесепетинен азыр түрмөдө отурат. Бирок Текебаевди "коррупционер" деп айыптап, түрмөгө камаган 5 кишинин төртөө бир жылга жетпей өздөрү камалышты. Бул соттордун адилеттүүлүгү жок болсо да, Кудайдын адилеттүүлүгү бар экендигинин далили.

Өмүрбек Текебаев, буюрса, абактан чыгат. Кеп бир эле маселеде. Ал триумф, салтанат менен чыгабы же жөн эле чыгабы? Маселе ушунда", - деди Иманалиев.
 

Источник: super.kg