Төрөбаев мамлекеттик кызматкерлерди электен өткөрүүнү сунуштады

13 декабря 2018
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

13-декабрда парламент жыйында “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаев коррупция менен күрөшүү боюнча кайрылуу жасап, өлкөдөгү саясий, коомдук абал боюнча пикирин билдирди. Ал өкмөткө, парламенттеги фракция жетекчилерине кайрылып, чечкиндүү кадамдарга барууну сунуштады.

- Мамлекеттик кызматкер пара менен кармалды, уячалардан миллиондогон акча чыкты. Улуттук банктын төрагасы өз насыясын жокко чыгарды. Сотторго иш козголуп, Баткенде прокурорго мамлекеттик кызматкер кол салды. Буларды эл көрүп турат. Биз кайда баратабыз? Президенттин коррупцияны ооздуктоо аракетин колдобогон аткаминерлердин курамын кайра электен өткөрүү зарыл.

Мындан сырткары депутат Транспорт министрлигиндеги коррупциялык системаны жоюу жана парламент өкүлдөрүнүн арасынан тандап мамлекеттик кызматтарга коюуну сунуштады.

Источник: Азаттык уналгысы