Википедияга "Матраимовдордун коррупциялык кланы" деген аталыштагы макала жарыяланды

Автор: Жылдыз Джускембаева
SUPER.KG SUPER.KG
11 декабря 2018
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

икипедияга "Матраимовдордун коррупциялык кланы" деген аталыштагы макала жарыяланды.

Анда Матраимовдор кантип байыганы тууралуу жазылган. Ошону менен катар алардын кылмыштуу топторго аралашып коррупциялык схемаларды түзгөнү жана мамлекеттик кадр саясатына аралашып, маанилүү деген орундарды саткандары тууралуу жазылат. Макалада кландын башчысы, негиздөөчүсү катары КСДП фракциясынан депутат Искендер Матраимов белгиленген.

Искендер Матраимовдун бир тууганы Райымбек Матраимов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеп келген. Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Райымбек Матраимовду 2017-жылдын 23-ноябрында "иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет" деген жүйө менен Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан алган. 26-апрелде Матраимов "мени негизсиз жумуштан алды" деп Исаковду сотко берген. Матраимов жумуштан мыйзамсыз алынганын белгилеп, кайра өз кызмат ордуна дайындалуусу керектигин талап кылган.

25-июлда Биринчи Май райондук соту Райымбек Матраимовдун Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына кайра коюу боюнча чечим чыгарган.

Өкмөт 17-августта аталган кызматтын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун доосу боюнча чыккан райондук соттун чечимине карата доо арыз берген.
http://www.super.kg/kabar/news/256143/

 

 

Источник: super.kg