Алмазбек Атамбаевдин маегинде айтылган урунттуу цитаталар

Автор: Бектур Токтоноев
SUPER.KG SUPER.KG
11 декабря 2018
Версия для печати

Кечээ, экс-президент Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалына маек берди. Интервьюнун жүрүшүндө айтылган урунттуу цитаталар төмөндөгүлөр болду:

“Жакын деп санаган адамдарым басып кеткен жок, сатып кетти”.

“Эң чоң адашканым ушул президенттик шайлоо болду окшойт”.

“Мыйзамды бузуп, Текебаевди каматтырбай эле койсом болмок окшойт. Миллиондун алынганы – чын”.

“Бирок азыркы бийликке таң каласың. Мен Сооронбай Жээнбековду уксам, эчтеке кылбай эле азыркыдай отурушум керек экен да”.

“Биринчи - Кудай, андан кийин - сиз” деп 24 жыл жаныңда дос болумуш болуп жүргөн адам мага ушундай душман болуп чыгып келсе таң калат экенсиң”.

"Президенттикке талапкерди түштүктөн бирөөнү тандайбыз дегенде болгону Сооронбай Жээнбеков менен Асылбек Жээнбеков акылыма келиптир. Албетте, бул менин чоң катачылыгым".

"Өмүрбек Бабановго каршы козголгон кылмыш иши жабылышы керек".

"Адахан Мадумаровдун президенттик шайлоонун легитимдүүлүгү жөнүндө айткан сөзү - ачуу чындык".

 

 

Источник: super.kg