Дүйшөнбек Зилалиев 2 айга камалды

10 декабря 2018
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Turmush -  Мурунку вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев 2 айга камакка алынды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту бүгүн, 9-декабрда чыгарды.

Аны кармоо иштерин 7-декабрда УКМК жүргүзгөн. АКИпресс агенттигине Д.Зилалиевдин жактоочусу Учкун Каримов билдирген маалымат боюнча, ага тагылган айып декларацияга байланыштуу. Тактап айтканда, Д.Зилалиев мүлкүн толугу менен декларацияда көрсөткөн эмес деп айыпталып жатат. Бирок жактоочу документтерди толугу менен көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
 

Источник: Баракелде