Алмазбек Атамбаев "Сооронбай Жээнбековдун рейтинги шайлоо өтчү жылы 3 пайыз болчу"

Автор: Айпери Ганыжан кызы
SUPER.KG SUPER.KG
Обратите внимание на дату публикации.

Экс-президент, КСДП партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев бүгүн, 19-ноябрда өлкөдөгү саясий кырдаал боюнча "Апрель" телеканалынын суроолоруна жооп берип жатат.

- Саясатта азыр эмне болуп жатканын баары көрүп жатышат. Алгачкы суроо ушул убакка чейин эмнеге үн каткан жоксуз?

- Партиянын акыркы съездинде президент Сооронбай Жээнбековго кеңеш катары 3 нерсе айткам. Президент катары иштесин дедим. Менин кеңештерим кабыл алынбаганын көрдүм. Съездден кийин жалган-жалаа жабуу башталганын көрдүм. Азыр элге чындыкты айтууга мезгил келди деп ойлойм.

- 2017-жылы тапкан кирешеси, декларациясы, байлыгы тууралуу:

- Былтыркы жылы 111 миллион сом таптым. Бир ишканамды саттым. Байлык тууралуу тарыхымды айта турган болсом, жыл ичинде кирешелерим тууралуу документтерди көрсөткүм келет. 1989-жылы Кыргыз мамлекетинде мен биринчи жеке ишкананы ачкам. 2005-жылга чейин мамлекеттик кызматта иштеген жокмун. Ошол жылдары байлык топтодум. Жеке ишкерлик кылган мезгилде байлыгымды тапкам. Андан тапкан акчага завод сатып алгам. Түркияда да ишканаларым болгон. Измирде жайгашкан ишканада 90 пайыздык үлүшүм болгон. 3 жыл кожоюндук кылгам. Калган үлүштүк пайызга ээлик кылган тең кожоюн менен дивиддендерди бөлүшүп турчубуз. 2002-жылы 6 жолу аталган ишканадан дивиденд алгам, жалпы суммасы 27 миллион долларга жакын каражат алгам. 2003-жылы ал ишкана сатылган. Бул менин байлыгымдын булагы.

- 1990-жылдардын башында Жазуучулар союзунан 50 миллион рубль каражатты ыйгарып алып, ошондон кийин бизнес баштаган деген кептер айтылып жатат? Ушул тууралуу айта кетсеңиз.

- 1989-жылдан бери Жазуучулар союзунда мүчөмүн. Ошол жылдардан бери жазуучулар менин атымдан стипендия алып келишет. Ал союзда менде документтерге кол коюу укгу болгон эмес. Жазуучулар союзуна 60 миллион рубль кредит берилген. Анын 15 миллион рублин турак жай курууга, 45 миллион басмакана курууга пайдаланылмак. Жыйынтыгында ошол учурдагы төрага Жакшылыков менен дагы бир жазуучунун чечими менен бир "Айла" басмаканасына которулган. Бул айтылгандар менин оппоненттеримдин мага карата жапкан жалган-жалаасы. Мен дайыма чындык үчүн деп жашап, иштеп келгем. Жазуучулар союзунун мүчөлөрүнүн каражат эмне болгону боюнча маалыматы бар эле.

- Кой-Ташта жайгашкан хан сарай кантип курулуп калды?
Албек Ибраимов келип, ден соолукту чыңдоочу комплекс куруп жатам деди. Анан каражат жетпей калып, ошол комплекс жайгашкан жер тилкени сатып алуумду айтып калды. 2,7 гектардан турган жерде ата тегиңиз жашаган жер деп айтты. Мен барганда кышы эле бар 2 кабаттуу үй турган. Жер жагып калды. Кол алыштык, сен сумманы айт дедим. Кимден алдың дедим. Жеке адамдан алгам деген. Кийин чуу чыкканда кечирим сурады. Сатып алып, ошол комплекстин курулушун аягына чыгардым. Үрөй учурганы - мен Түркия, Англия, АКШда үй алышым керек экен эле. Бирок ата-бабаларым жашаган жерде үй курбашым керек экен. Биз адилеттүү жашай албайбызбы? Экс-президент эч жакка качпайт, үй курат, ал неберелерине калат. Кой-Ташта үй алгандан бери андагы жер тилкелер кымбаттады. Босфор жээгинде, Израилде, Дубайда үй алууга акчам жетет. Бирок мени акчасын жашыргандарга салыштырууга болбойт. 
Граниттик таштарга келсек, ал үй менен катар Апрель шейиттерине багышталган мечит курулган. Ошондой эле түстөгү гранит сатып алгам. Уурдаганга көнгөндөр ушинтип айтып жатышат. Өмүр бою чиновник болуп, мультимиллионер бойдон калгандар. Мен миллиард сом таап жатканда бүгүнкү мультимиллионерлер мектепке, же жогорку окуу жайга барып жатышкан болчу.

- Икрам Илмияновдун камалышы тууралуу эмне айта аласыз?

Икрам Илмиянов менин байлыгымды, мен бай экенимди билчү. Акча керек болгондо менден алса боло турганын да билчү. Ал президенттик шайлоодо көмүскөдөгү иштерди билгени үчүн камакка алышты деп ойлойм. Бул жердеги биринчи максат - анын оозун жабуу болду. Мен ага "сен аларга ишенбе деп айтчум. Сени эки жакка жөнөтүп жатышы, мүмкүн бирок жакшы нерсе болбойт. Ал коррупцияга тиешеси болушу мүмкүн. Бирок ал жогорудагы себеп менен камалды.

Икрам Илмияновдон башка бардык айдоочуларым ордунда иштеп эле жатышат. Ал башкача болчу. Күзөтчүлөрүм тууралуу айтсам Улан Исраилов ИИМ министри болду. Болот Сүйүмбаев(ред. Финполдун мурунку башчысы) кызматка келгенде мага өлкөдөгү кырдаал тууралуу маалымат жакшы жетип жатты. Мен Болот Сүйүмбаевге да "акча керек болсо мага кел" деп айтар элем. Азыр алар тууралуу жалган маалыматтарды таратып жатышат. Ал эми туугандары, кудалары менен иштешкен чоң көйгөй. Муну салыштырууга болбойт. Илмиянов, Исраилов, Сүйүмбаев жаман нерсе кылышса мен алардын таламын талашпайм. Бирок Илмиянов шайлоо тууралуу көп нерсе билгени үчүн камалды. Мен кызматтан кеткенден кийин көп нерсе көзүмө көрүнө баштады.

-Бишкек ЖЭБиндеги модернизация жана авария тууралуу.

Авариянын өзү Бишкек ЖЭБинин эски жагында оңдоо иштерин жакшы жүргүзбөгөндөн болду. Чыныгы себебин - адамдар милдетине туура мамиле кылбагандан. Оңдоо иштери Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турган кезде болгон. Бирок мунун баарына Сапар Исаковду күнөөлүү кылып коюшту. Реконструкцияга келсек, баасын 2 эсе жогорулатып коюшкан дешти. Жакын жайгашкан коңшу өлкөлөрдө курулган ЖЭБдин бааларына салыштырсак деле бизде курулган ЖЭБ эки эсе арзанга жаңыланган. ЖЭБдин реконструкциясы тескерисинче Бишкекти катастрофадан куткарып калды. Камоолордун себеби таптакыр башкада. 600 долларга сатып алынган 2 комплект кычкач баардыгын чийип салды.

- Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшү тууралуу.

- Факты боюнча алганда былтыр тынчтык жолу менен Атамбаевдин тушунда коррупцияга каршы күрөш жүрүп 8,5 миллиард сом бюджетке кайтарылды. Азыр бейкүнөө Кубанычбек Кулматов, Сапар Исаков камалып отурат. Көз боёмочулук менен күрөш жүрүп жатат. Бажы кызматында уурулар иштеп жатат. Мындан кыргыз бюджети жоготууларга учурап жатат. Мен президент болгондогу алгачкы 3 жылда Кубанычбек Кулматов төлөмдөрдү үч эсеге көп чогултту. Сапар Исаков Жээнбековдун суранычына карабай Раим Матраимовду жумуштан алгандыгы үчүн камалды. Сооронбай Жээнбеков өч алып жатат. Сапар Исаков мага чалып "Жээнеков Раим Матраимовду кызматтан албашымды суранып жатат" деп айткан. Ал укпаганы үчүн өч алды. Бул коррупция менен күрөш эмес. Азыр коррупционерлерди тойлордо көрүп жатабыз.

Бишкектеги жолдор ушул жылдагы жана кийинки жылдагы президент Атамбаевдин тушунда бөлүнгөн грант менен курулат. Жаңы президент Нарынга барып спорттук комплексти ачып келди. Ал дагы Атамбаевдин "Газпром" компаниясы менен жетишилген. Жээнбеков Араванга барып цемент завод ачып келди. Ал завод Кыргыз-Орус Өнүктүрүү фонду тарабынан берилген каражат менен курулган. Ал фондго жарым миллиард доллар Владимир Путин менен болгон сүйлөшүүмдөн кийин бөлүнгөн. Си Цзиньпин менен ушундай эле фонд түзүүнү сүйлөшүп жатканбыз. Ал макул болуп калган эле.

- Сиз президент болуп турганда өлкөгө 1,5 миллиард доллар гранттык каражат келиптир.

- 1,5 миллиард долларды энергетикага, жолдорго деп алганбыз. Биз чийки материал жок туруп Акаевдин бийлигине окшоп кагаз заводун ачабыз деп алган эмеспиз. Карыздар тууралуу айтып жатканда 50 миллион доллар кечирилгенин да унутпаш керек. Гранттык каражаттар өлкөнү сактап калууга жардам берди. 2010-жылы кандай өлкөдө жашаганыбыз эч ким эсинде жок. Ушундай учурда достордун Орусия, Кытай, Түркия, Евробиримдик чоң колдоо көрсөттү. Гранттарды алганда кайырчы деп шылдыңдашкан. Кытай 400 миллион доллар каражат жардам бергенин унутпашыбыз керек. Балким уурдагандар болгондур.

- Мамлекеттик тарых музейин оңдоп-түзөө иштери тууралуу.

- Өкмөттүн вице-премьери музейди укмуш болду деп айтпады. Реконструкциясы гранттык каражатка жүргүзүлгөн. Биринчи бөлүгү Түркия тараптан, экинчи бөлүгү Владимир Путин тарабынан каржыланган. Мен ошол акчаны тартып келип, музей оңдоо иштеринен өттү. Ким жесе, анда ошолорду кармашсын. Ошол эле мемориал, ошол эле ипподром. Сооронбай Жээнбековго окшоп эч нерсе кылбай отурушум керек беле? Ким уурдаса, ошолор жооп берсин. Менин милдетим - акча табуу эле. Бюджетте акча жок болчу. Иштер көп да. Бийликтин милдети - коррупцияга каршы күрөшүү эмес, Атамбаевге каршы күрөшүү болуп жатат.

- Белизгейт тууралуу

- Жакында мени анча жактырбаган Аида Салянова деле маек берип жатканда Атамбаев буйрук берчү эмес деп айтыптыр. Мен эч качан эч кимге буйрук берген эмесмин. 10 жолу текшергиле деп айтып келчүм. Дароо камабагыла, жеңил жаза бергиле деп келгем. Абдил Сегизбаев документтерди жасады деп ойлобойм. Балким бирөө анын колуна атайын бергендир. Тергөөнү күтүп туралы.

- Саясатчылардын камалышы, барымтага алынышы

- Эмилбек Каптагаев Садыр Жапаровду жазага тарт деп канча жолу келген. Азыр башкача ыр ырдап жүрөт. Төңкөрүш уюштурам дешти, дарбазадан секиришти. Бийликке келем десең шайлоого катыш. Текебаев боюнча бул ишти кылбашым керек болчу. Мыйзам жагынан алганда Текебаев күнөөлүү болчу. Мыйзам боюнча кылгыла дечүмүн. Мен ушинтип тарбияланып калгам. Президент катары мен күнөөлүүмүн.Бирок адамдар жасаганы үчүн жооп бериши керек.

- Кулаган Боинг учагы, андагы жүк тууралуу

30 жыл бою мага карата ушак колдонулуп келген. Элдин мээсине Боингде Атамбаевдин жүгү болгон дегенди сиңирип салышты. Менин грамм жүгүм болсо, эмдигиче таап чыгышмак.

- Журналисттерди сотко бергени тууралуу

Бүгүн журналисттерди эмес, ушакты оюнан чыгарган жана аны маалымат жыйын аркылуу жайылткандарды сотко беришим керек беле деп ойлонуп калам. Жубайым жарым жыл бою тамчылатма менен гана уктап калды. Эмоцияга алдырып койдум.

-Конституцияга өзгөртүү киргизүү оппоненттердин көбөйүшүнө алып келгени тууралуу

Реформа ойлогонумдай болбогону үчүн өкүнөм. Алгачкы пландын ишке ашпаганы мага каршы болгондорду бириктирип койду. 2016-жылы реформага каршы чыккан адам кийин мага парламенттик конституция кылалы деп келди. Ага мен башында ошондой кылууну пландаганымды айтсам "биз сизди премьер-министр болот" экен деп ойлогонбуз деген. Баары мени бийликте калуу максатында жасап жатат деп ойлошуптур. Адамдар кантип өзүнө салыштырып ойлоп алышат азыркыга чейин түшүнбөйм. Конситуцияга өзгөртүү киргизилишине каршы чыккандар азыр сот реформасы жасалган жок деп мени күнөөлөшөт.

Түркия мамлекети менен кызматташуу тууралуу

Мен Орусия, Өзбекстан мамилени жакшырттым. Түркияга келсек, Режеп Тайып Эрдоганды таарынтып алдым. Мен ага дайыма ыраазы болом. Карызды кечирди. Грант бөлдү. Жеке өзүмө жардам берген учуру да болгон. Түрк жетекчилиги таарынып калганынын себеби - учакты түшүрүү боюнча билдирүүм жана "Себат" лицейлери боюнча болду. Эрдогандын дарегине эч качан жаман айтпайм. Өлкө да, мен да ага карыздарбыз. Назарбаевге келсек, коңшу өлкөнүн президенти президенттикке талапкерди кабыл алып, аны рекламалап жатат. Биздин эгемендүүлүгүбүз кайда калды? Биз көз карандысыз өлкөбүз. Кийинки парламенттик жана президенттик шайлоодо ушундай ачык колдоо болбойт.

- Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясындагы каражаттары делген маалымат тууралуу

Бул маалыматтын эмне үчүн азыр жарыяланып кеткени түшүнүктүү. Икрамжан Илмияновдукамашты. Бул бухгалтерия тууралуу штабдын бухгалтери да билчү. Ал эмгек өргүүсүнө чыгып, башка өлкөгө кетип калды, азыр өзүнүн өмүрү үчүн кооптонуп жатат. Бүгүнкү бийлик Бакиевдинжолу менен бара жатат. Бул документ тууралуу билгендер өмүрү үчүн кооптонуп жатышат. 

Кулматовду эмне үчүн паспортко байланыштуу отургузуп коюшту? Бакиевдин учурунда Медет Садыркуловду өлтүрүшүп, алар муну менен “каалаган адамды өлтүрүп коё алабыз” дегенди көрсөтүшкөн. А булар күнөөсүз Кубанычбек Кулматовду, Сапар Исаковду камап коюшту. "Карагыла, каалаган адамды отургузуп коё алабыз, керек болсо, өлтүрөбүз!" - деп жатышкандай. Адамдар өз өмүрүнө кооптонуп жатышат. Икрамжан Илмиянов кармалбаганда бул документтер ачыкка чыгып кетмек эмес. Бул үй-бүлө жүзүн көпкө чейин жашырмак деп ойлойм. Мени таң калтырганы - фонд боюнча чектөөлөрдү атайын алып салганбыз. Бул таза жана ачык-айкын акча болсо, анда эмне үчүн акчанын бардык көлөмүн көрсөтүшкөн эмес? Бул мени кайгыга салат.

- Жээнбеков менен болгон конфликт тууралуу

Мен Жээнбековго "сен коррупция менен күрөшүп жатсаң президент катары документтерге жакшы көңүл бурушуң керек" дегем. Коррупция менен күрөшүп жатсаң досторуңдун катарында Раим Матраимов болбошу керек. Бир тууганы Асылбек Жээнбековдун депутат болуп иштөөнү улантканы президентке жаман таасир тийгизерин айткам. Ошондой эле ЖЭБдеги авария Жээнбеков премьер-министр болуп турган маалда болгону үчүн кеңештеримди гана айткам.

Шайлоо кампаниясынын чыныгы спонсорун билерим менен бир тууганың парламентте калбашы керек, Раим миилион менен дос болбошуң керек, ЖЭБдеги аварияны Сапар Исаковго оодарбоо керектигин курултайга чейин айткам.
Шайлоо кампаниясынын чыныгы спонсорун билерим менен бир тууганың парламентте калбашы керек, Раим миилион менен дос болбошуң керек, ЖЭБдеги аварияны Сапар Исаковго оодарбоо керектигин курултайга чейин айткам. 29-мартта мен сени карап туруп, Бакиевди көрүп жатам дегем ага. Биз мындан өткөнбүз.
- Жээнбековдун партияга кошкон салымы, Ош окуясындагы кызматы бааланбаганы боюнча таарынычы тууралуу
- Жээнбековго чейин эле биздин партияда рейтинги жогору адамдар бар эле. Шайлоо болгон жылы анын рейтинги 3 пайыз болчу. Ош окуясы учурунда Жээнбеков Мырзакматовдун алдында көлөкө эле. Ал учурда Жээнбеков тууралуу ал жоктой эле эч ким сүйлөчү эмес. Ушул жыл аралыгында коргоп сүйрөп жүргөнүмө түшүнбөй кетем. Мен Жээнбеков жасаган көп нерсени кечирип келчүм. Путин "бир жолу чыккынчылык кылган адам кийин да чыккынчылык" кылат деген эле.
Биз 24 жыл дос болдук. Сооронбай Жээнбековду депутат кезин, вице-спикер кезин, министр кезин эстейм. Анын суранычы инисин партиялык тизмеге коштум. Жээнбековду президенттикке чейин алып келдим. "Досум" деп айтчу Жээнбековдун сөзү эмес.
Кийинки планы тууралуу
- Чоң саясатта президент, премьер же спикердин кызматын ээлөө үчүн калбайм. Бакиевдин жолуна түшүп кетпөө үчүн. Өлкөдө кырдаал ушундай, дагы Бакиевдин жолуна түшүп кете тургандай болуп турат. Саясатта калууга аргасызмын

 

 

Источник: super.kg