Адвокат Таалайгүл Токтакунова: "Леонид Маевскийдин камакка алынышы боюнча Өмүрбек Текебаев менен кеңешип, чечим кабыл алабыз"

Автор: Бектур Токтоноев
SUPER.KG SUPER.KG
Обратите внимание на дату публикации.

"Леонид Маевский кылмыш ишине барчу жана кылмыш ишин кылып жүргөн эле адам". Мындай пикирин SUPER.KGпорталына адвокат Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Ал Леонид Маевскийдин камакка алынышы боюнча Өмүрбек Текебаев менен кеңешерин айтты.

"Маевскийдин Текебаев боюнча берген көрсөтмөсү далилсиз болуп, жакшы бааланган эмес. Бүгүнкү күндө ал далилденип жатат. Биз сотто фактыларды келтирип, Маевскийдин өзүн кылмыш жоопкерчилигине тартыш керектигин айтканбыз. Бул эми далилденип жатат. Азыр да шылуундук менен кармалып жатпайбы. Аталган маселе боюнча Өмүрбек Текебаев менен сүйлөшөм. Кийин кандай чечимге келгенибизди айтабыз", - деди ал.

Кечээ, 16-ноябрда Москва шаарынын Тверь райондук соту Мамлекеттик Думанын экс-депутаты, ишкер Леонид Маевскийди 14-январга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Маевский жабырлануучуну каралаган маалыматты жарыялап салам деп коркутуп, андан 37,5 миллион доллар талап кылган деп күнөөлөнүүдө.

Леонид Маевскийдин ысымы Кыргыз коомчулугунда кеңири белгилүү. Ал экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин үстүнөн алдамчылыкка айыптап арыз жазып, ошонун негизинде Кыргыз саясатчысы 8 жылга соттолгон

 

 

Источник: super.kg