Лейлекте И.Илмияновдун тарапташтары чогулуп, аны үй камагына чыгарып берүүнү суранышууда (фото)

Обратите внимание на дату публикации.

Turmush -  Бүгүн, 16-ноябрда Лейлек районунун Катраң айылында камакта жаткан Икрамжан Илмияновдун (И.Илмиянов Катраң айылында төрөлгөн) тарапташтары анын баш коргоо чарасын өзгөртүп берүүнү суранып жыйын уюштурушту. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы кабарлады.

Маалыматка караганда, алар И.Илмияновду үй камагына чыгарып, анын ишин акыйкат тергөөнү суранып жатышат. Чогулгандарга Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов чыгып жолугуп, алардын буга чейинки кайрылуу каты жогору бийликтеги адамдарга жөнөтүлгөндүгүн билдирди.

Абалды милиция кызматкерлери көзөмөлдөп жатышат.
 

Источник: Turmush