Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Бишкекке кайтып келди

Автор: Айзада Тураркулова
SUPER.KG SUPER.KG
29 октября 2018
Версия для печати

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева кабарлады.

Маалыматка караганда, Москвада өткөн Азия, Африка өлкөлөрүнүн саясий партияларынын ассамблеясына катышкан соң, Алмазбек Атамбаев баш болгон КСДП партиясынын делегациясы Бишкекке келди.

Айта кетсек, 22-октябрда Алмазбек Атамбаевдин Орусияга кеткени белгилүү болгон. Мурдагы президент бир тууган жеңеси Шаршенованын көзү өтүп кеткенине байланыштуу Санкт-Петербург шаарына барып, акыркы сапарга узатуу зыйнатына катыша тургандыгы кабарланган.Ал эми 24-27-октябрда Москва шаарында өтө турчу Азия, Африка өлкөлөрүнүн саясий партияларынын ассамблеясына катышкан.

Источник: super.kg