"Парламент трибунасы базар эмес". Депутат Матраимовдун "ИИМде "крысалар" отурат" деген сөзүнө ардагерлер жооп кайтарышты

Фото: Депутат ЖК И. Матраимов
Автор: Бектур Токтоноев
SUPER.KG SUPER.KG
18 октября 2018
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Ички иштер органдарынын ардагерлер кеңеши Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун сынына жооп кайтарды.

Матраимовдун 16-октябрдагы парламенттик комитеттин жыйынында "ИИМ менен Каржы министрлигинде "крысалар" отурганда "Коопсуз шаар" долбоору ишке ашпайт" деп айткан сынын ардагерлер "кемсинтүү" деп кабыл алышканын билдиришкен.

"Биз бул сынды туура эмес деп баалап, республиканын укук коргоо органдарын кемсинтүү жана басмырлоо деп кабыл алдык. Бул сөз үчүн ардагерлер түшүндүрмө талап кылабыз. Укук коргоо органдарынын башчыларынын дарегина Жогорку Кеңештин депутаты тарабынан айтылган мундай кеп орой иш болду. Парламент трибунасы базар эмес, бул сөз териштирилүүгө тийиш", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошодой эле ардагерлер Матрамиовду "крысаларды" өзүнүн тааныштары, ардактуу адамдары иштеп жаткан мекемелерден издөөгө чакырды.

 


 

 

Источник: super.kg