Коррупияга каршы башталган күрөш басаңдады...

Автор: Элеонора Сагындык кызы, корреспондент Би-Би-Си в Бишкеке
BBC. Кыргыз кызматы BBC. Кыргыз кызматы
18 октября 2018
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Кыргызстанда Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайланган бир жыл аралыгында өлкөнүн тышкы саясатында олуттуу жүрүштөр болду, бирок экономикада көзгө көрүнгөн жылыштар жок. Президенттин бир жылдык ишинин жыйынтыгын чыгарган аналитиктер менен эксперттердин корутунду баасы ушундай.

Сооронбай Жээнбеков бийликке келээри менен коррупция менен күрөшүүдө дос-тууганга карабайм деп айтканы элди көп нерседен үмүттөндүргөн эле. Жемкордук менен күрөшүүнү кимден баштайт деп коомчулук кулак туруп жаткан чакта, Бишкек жылуулук борборундагы мыйзамсыз иштерге байланыштуу бир нече бакандай жетекчинин камакка алынышы президенттин аброюн көтөрүп койгондой болду. Жыйынга чогулган эксперттер мамлекет башчынын коррупцияга каршы жүргүзгөн саясатын анын эң негизги жетишкендиги катары баалашты. Анткен менен учурда бул багыттагы динамика басаңдай баштады дешет.

"Коррупция менен күрөшүү боюнча чоң-чоң иштер жасалып келе жатып эле бир-эки айдан бери дымып калды. Бирок козголгон иштерди коомдо саясий күрөш деп баа берип жаткандар дагы бар. Жээнбеков катуу кирише турган болсо, дестабилизация болуп кетиши ыктымал. Анткени мурдагы мамлекет башчынын тарапташтарынын потенциалы дагы жогору. Ошондуктан акырындык менен күрөшүп жатат. Бирок эл президенттен абдан чоң жаңыланууларды үмүттөнгөн. Учурда коомчулуктун үмүтү акырындык менен өчүп бара жатат. Эгер президент динамика менен тобокелдик стратегияларга барбаса, жазында абал курчуп кетиши мүмкүн",- деди эксперт Марс Сариев.

Мамлекет башчынын тышкы саясаттагы иштерине бир катар эксперттер оң баа берип жатышат. Саясат таануучу Эдил Осмонбетовдун айтымында, Жээнбеков президент болуп келиши менен коңшу мамлекеттер менен солгундап кеткен мамилени жөнгө салганга жетишти.

"Жээнбеков мамлекеттин башына келгенден кийин кыргыз-казак чек ара маселеси чечилди. Түркия, Өзбекстан сыяктуу мамлекеттер менен мамилесин жакшырта алды. Кечээ жакында эле БУУнун жыйынына катышып, өлкөнүн көз карашын билдирди. Кыргызстандын бардык эле президенттери БУУнун жыйынына катышып, өлкөнүн атынан сөз сүйлөй бербейт. Кыскасы, Кыргызстан бир тараптуу эмес, көп тараптуу тышкы саясат жүргүзгөнгө аракет кылып жатат. Учурда эң башкысы, 2014-жылы солгундап кеткен АКШ менен болгон мамилени жөнгө салыш керек. Өлкө эгемендикти алгандан тартып Америка эки миллиард доллардын тегерегинде жардам көрсөткөн. Андыктан буга окшогон кубаттуу державалар менен мамилени жакшыртуу зарыл".

Өлкөнүн социалдык- экономикалык абалын жакшыртуу өкмөттүн милдети. Ошондой болсо дагы мамлекет башчынын жүргүзгөн ички жана тышкы саясатынан көп нерсе көз каранды. Адистердин айтымында, учурда мамлекеттин экономикасында мактанаарлык деле өсүш жок. Кыргызстан макроэкономикалык көрсөткүчтөр боюнча Борбор Азия өлкөлөрүндө эң акыркы орунда турат. "Учурда ички дүң өндүрүмдү жан башына бөлгөндө 1200 доллардан тиет. Казакстандын ар бир жаранына ички дүң өндүрүм он миң доллардан туура келет. Өзбекстанда сегиз миң доллардын тегерегинде. Тажикстанда эки жарым миң доллардан. Экономиканы көтөрүүгө мүмкүнчүлүктөрүбүз көп болсо дагы, биздин экономика алда канча артта калган",- деди экономист Асылбек Аюпов.

Кыргызстанда жаңылануу процесси башталуу этабында экенин айткан серепчилер бир жылдан кийин эле мамлекет башчынын ишине оң же терс баа берүү эртелик кылат дешет. Ошондой болсо дагы Өзбекстан менен Арменияны мисалга тарткан саясий тандоочулардын баамында, жогорку бийлик бутактарына Никол Пашинян сыяктуу новаторлор жетпей жаткансыйт.

Источник: Кыргызская служба Би-Би-Си