Кимдер министр болушу мүмкүн?

Фото: Пленарное заседание Жогорку Кенеша
Автор: Элеонора Сагындык кызы, корреспондент Би-Би-Си в Бишкеке
BBC. Кыргыз кызматы BBC. Кыргыз кызматы
16 октября 2018
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Өткөн аптада бош калган бакандай үч министрликтин башына ким келе турганы коомдун көңүлүн бурган эң башкы маселелерден болууда. Ошондой болсо дагы фракциялар өз талапкерлерин сунуштай элек жана кимди көрсөтөөрү өздөрү үчүн дагы белгисиз. Коомдук сайттарда бир нече кишинин ысымы аталып, алар келсе министрликтерди гүлдөтөт дегендер дагы жок эмес. Ошол эле учурда министрлерди сунуштап жаткан фракциялардын жоопкерчилигин күчөтмөйүн аталган мекемелердин иши жакшырбайт дегендер дагы арбын.

Учурда орду бош турган тышкы иштер, маданият, маалымат жана туризм министрлеринин кызмат ордуна талапкерлерди сунуштоо квотасы көпчүлүк коалициянын ичинен КСДПга берилген. Ал эми социалдык өнүгүү министрин сунуштоо квотасы "Кыргызстан" фракциясында. Социал-демократтар фракциясы тигил же бул кишинин талапкерлигин кароо үчүн жыйынга чогула элек экенин билдирди. Ал эми "Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков талапкерлерди сунуштоо боюнча Би-Би-Сиге буларды айтып берди.

"Фракция министрликке татыктуу кадрды алып келүү үчүн кимди сунуштайт азырынча белгисиз, кеңешип жатабыз. Буга чейинки министрдин ишмердиги коомдук сайттарда кызуу талкуу жаратканы менен ал деле жакшы иштерди аткарып кетти. Аталган министрлик коррупцияга баткан мекемелердин бири катары эсептелип келген, кадр саясаты курч эле. Ошол нерселерди жөнгө салганга аракет кылды".

Деген менен Социалдык өнүгүү министрлигинде соңку учурда катталган чуулгандуу окуялар экс-министр Таалайкүл Исакуновага аброй алып келген жок. Исакунова социалдык өнүгүү министри кызматына "Кыргызстан" фракциясынын көрсөтмөсү менен 2016- жылы келген.

Ал мурдагы орун басарлары Зура Каденованын Кореядагы чатагы, Лунара Мамытованын чет мамлекеттерге тынымсыз иш сапарлары жана өзү дипломатиялык паспортту колдонуп, үй-бүлөсү менен саякаттагандыгы тууралуу чыккан маалыматтардан улам өткөн апта соңунда иштен кетти.

Атым өлбөсүн, арабам сынбасын

Коомдо парламент фракциялары министрликтерди устукандай эле бөлүштүрүп алгандыгы буга чейин эле катуу сынга кабылып келген. Соңку окуялар мындай сындарды ого бетер ырбатып жиберди көрүнөт. Министрлердин "атым өлбөсүн, арабам сынбасын" деген ишине болгон чабал мамилеси, мына ушундай жагдайлардан улам,- дейт юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев.

"Американы, Европаны жөн эле коёюн. Маселен, биздин ата-балалар мамлекеттик кызматка өз балдарын сунуштагандан коркушкан. Бий болобу, болуш болобу ал уют кылып коюшу мүмкүн деп, "уят" деген сөздү катуу карманышкан. Ошол сыяктуу эле азыркы фракциялар сунуш кылган кадр жакшы иштебей, аларды уяткарып же мыйзам бузууга барса, анын жоопкерчилигин фракциядан сурашыбыз керек. Мыйзамсыз учур катталса, тигил же бул партиянын шайлоого катышуусуна чектөө киргизүү зарыл. Силер министрликке сунуштаган Эшматов Ташмат ууру чыкты андыктан шайлоого катышууга укугуңар жок- деп мыйзамдуу жол менен жоопкерчилигин күчөтсөк эмнеге болбосун?",- деди Бөрүбашев.

Жарандык активист Адил Турдукулов министрликке талапкерлерди сырттан эмес, фракциянын ичинен сунуштоону милдеттендирүү учур талабы экенин айтат. Ошондо гана Жогорку Кеңешке партиялык тизме менен бизнесмендер же олигархтар эмес, кесипкөй жарандардын келишине депутаттар өздөрү кызыктар боло баштайт дейт ал.

"Ошондо гана бул киши тышкы иштер министри болууга ылайыктуу, буз киши социалдык өнүгүү министри болууга ылайыктуу деп тандай башташат. Учурда парламентке көпчүлүгү бизнесмендер келип алган, албетте алар министрликтерге өздөрүнүн кызыкчылыгын көздөгөн кадрларды сунуштайт. Ал иштей алабы, албайбы эсептешип дагы коюшпайт. Дагы бир маселе, эгер депутат министр болуп, кийин ал кызматынан түшүп кала турган болсо, кайра депутаттыкка кайтып келүүсүнө шарт түзүү керек. Ошондо гана министрлер тигил же бул фракциянын ырын ырдап, сырын сырдабай өз алдынча, көз карандысыз иш алып барат",- деди Турдукулов

Узакка созулган оордун кийин мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов көз жумуп, 8-октябрдан тартып маданият министринин кызмат орду бош турат. Учурда анын ордуна Алтынбек Максүтов, Мирлан Самыйкожо сыяктуу бир топ кишилердин ысымдары айтылууда.

Ал эми мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев өткөн аптада, тактап айтканда 12-октябрь күнү өз каалоосу менен кызматтан кетүү арызын жазган. Мындан бир нече күн мурун Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султандын Тышкы иштер министрлигиндеги мыйзамсыз иштер тууралуу айтып чыгып, анын негизинде Коопсуздук Кеңеши Тышкы иштер министрлигинин ишин текшертип, андагы мыйзам бузууларды аныктаганы маалым болгон эле.

Учурда аталган министрликке Данияр Сыдыков, Болот Отурбаев жана Аликбек Жекшенкуловдун келиш тууралуу жоромолдор айтылууда.

Ал эми соңку айдагы эң чуулгандуу маселелер менен көпчүлүктүн эсинде калган мурдагы социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунованын ордуна Кудайберген Базарбаев татыктуу талапкер дегендер дагы бар.

Источник: Кыргызская служба Би-Би-Си