Кылычбек Султанов түңүлгөндөй түр көрсөттү

Автор: Абдыбек Казиев, корреспондент Би-Би-Си в Бишкеке
BBC. Кыргыз кызматы BBC. Кыргыз кызматы
15 октября 2018
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султанов чет өлкөлөрдүн биринен баш паанек сурады.

Ал Би-Би-Си менен болгон маегинде өлкө жетекчилигинин саясатына нааразы экенин айтып, белгисиз мөөнөткө чейин Кыргызстанга келбей турганын да кошумчалады.

Мурдагы элчи "министрликте баш аламандык, коррупция бар" деп айтып чыгып, бул иш ак же көк деп териштирилгенче өзү менен кошо министр Эрлан Абдылдаевди да кызматтан бошотуп турууну өтүнгөн эле.

Би-Би-Си мурдагы элчиге кайрылып, министр кызматтан кетти, өтүнүчүңүз оорундалдыбы деп сурады

К. Султанов: Эми кеч болуп калды. Биринчиден, өздөрүнүн жүзүн көрсөтүштү. Бакыйтып жалган жалаалардын баарын жазып чыкты. Эң аягында жарым жылдан бери коррупция жөнүндө айтып келген мен күнөлүү болуп, "тышкы иштер министирлиги боюнча, кадрлар боюнча туура эмес иштеди" деген бул саясий шоу. Мага баары түшүнүктүү болду. Ошондуктан мен президенттин мындай саясий шоусуна аралаша албайм. Мындай үй-бүлөлүк башкарууну биз баштан өткөргөнбүз жана мындай бийликти таануудан мен баш тартам.

Би-Би-Си: Азыркы башкарууну кабыл албайм деп айтып калдыңыз. Сиз сыпаттагандай, президент үй-бүлөлүк башкарууга жол берип жатканын сиз эмнелерге таянып айтып жатасыз?

К. Султанов: Биринчиден, мен президенттик аппаратка жарым жыл мурун коррупциялык иштер тууралуу айткам. Эмне үчүн ошол адам мен келтирген далилдерге кызыгып сурабайт. Демек, бул ошондой система түптөлгөнүнүнүн биринчи белгиси. Экинчиден, агасын элчи кылып кечээ жакында дайындады. Тандагандан кийин жарлык чыгышы керек эле да. Указды жашырып-жаап аны көрсөткөн жок.

Ал эми иниси парламентте кантип тескеп атканын, парламентти парламент эмес эле кол бала кылып алганы баарына эле түшүнүктүү, жеткиликтүү болуп калды. Эң акыркы үмүтүм ушул президентте эле.

Би-Би-Си: Президенттин бир тууган ининси парламентте депутат болуп олтурат деп калдыңыз. Ал адам агасы президент болгонго чейин эле Жогорку Кенеште депутат эмес беле же ишмердүүлүгүн токтотушу керек беле? Бул жөн эле сиз тараптан саясий кызыкчылык болуп айтылып жактан жокпу?

К. Султанов: Мен тараптан эч кандай саясий кызыкчылык жок.

Би-Би-Си: Соңку чечимге президенттин түздөн-түз тиешеси бар деп ойлойсузбу?

К. Султанов: Эгер президент ушул нерсени биле элек болсо демек, мамлекетти президент эле эмес, башка бирөө башкарып жатат. Президент катары эң биринчи элчи менен иштеп, бүтүндөй тышкы иштер министрлигинде болуп жаткан коррупцияга байланыштуу сөзүн укпай коюу, эң аягында ошону айтып чыккан адамды күнөөлүү кылып көрсөтүү жакшы иш эмес.

Би-Би-Си: Сиз соңку ирет маалымат жыйынын өткөргөндөн бери мурдагы министр менен кандайдыр бир сүйлөшүү болдубу?

К. Султанов: Эч кандай сүйлөшүү болгон жок. Андай болушу да мүмкүн эмес. Ошол маалымат жыйынынан кийин ал киши дароо кызматын тапшырып кетиши керек эле.

Би-Би-Си: Мына сиз бир топ кеп-сөздөрдү айтып жатасыз. Сиздин мындан аркы кадамдарыңыз кандай болот эми?

К. Султанов: Ушундай болуп калды. Эми мен мекениме кайсы бир убакытка чейин бара албайм. Үзүлбөгөн үмүт менен баары жакшы жагына өзгөрүп кетет деп айтып алышым мүмкүн. Бирок мен андай жалган иллюзия менен жашагым келбейт.

Би-Би-Си: Сиздин өзүңүздө да бир топ кемчиликтер, эреже, мыйзам бузуулар бар экени жарыяланды. Сиз аларды моюнуңузга аласызбы?

К. Султанов: Булардын баары жалган жалаа. Кайсы бир мүчүлүштүктөр болгонун моюнга алам. Бирок ал мүчүлүштүктөр менин эле эмес, жалпы ТИМдеги кемчиликтер менен айкалышкан иш. Бирок негизинен 90 пайызы бул жалаа.

Источник: Кыргызская служба Би-Би-Си