Кылычбек Султан Досалы Эсеналиев менен Эрлан Абдылдаевди "жеңиши" менен куттуктайт

Автор: Бектур Токтоноев
SUPER.KG SUPER.KG
12 октября 2018
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Кыргыз Республикасынын президенттик аппаратынын алдындагы Коопсуздук Кеңеши элчи Кылычбек Султанжарыялаган маалыматтар жана Тышкы иштер министринин аны кызматтан бошотуу сунушу боюнча иликтөөсүн жарыялады.

Элчи иликтөөдө жарыяланган өзү тууралуу маалыматтын 90 пайызы чындыкка дал келбейт дейт. Ал ушундай иликтөөнүн башында турган президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев менен Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди "жеңиши" менен куттуктаарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын коррупционерлерин да "жеңиши" менен куттуктаарын билдирди. Андан сырткары элчи Кылычбек Султан президент Сооронбай Жээнбековдун эң акыркы адилетсиз чечими мен болоюн деп, президентке ийгилик каалады.

Кыргыз Республикасынын президенттик аппаратынын алдындагы Коопсуздук кеңешинин иликтөөсүн толугу менен келтиребиз:

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен Коопсуздук кеңешинин катчылыгы Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси К. Султандын билдирүүсүндө айтылган фактыларды, ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин аны кызматтан бошотуу тууралуу сунушунун жүйөлөрүн изилдеп чыкты.

Коопсуздук Кеңешинин катчылыгы текшерүүнүн жыйынтыктарын Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна 2018-жылдын 10-октябрында киргизди.

Текшерүү аныктагандай, Элчинин билдирүүсүндө жана КР ТИМинин жүйөлөрүндө жана ЖМК чагылдырылган Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин системасындагы бузуулар фактысы орун алгандыгы ырас жана алар тиешелүү мамлекеттик органдардан алынган кошумча материалдары менен ырасталат.

Тышкы иштер министрлигиндеги бузуулар тууралуу маалыматты алдын ала текшерүү өлкөнүн тышкы саясий ведомствосундагы олуттуу көйгөйлөрдүн бирин — ТИМдин системасында так кадрдык саясат жок экендигин, ошондон улам мунун кесепети катары мезгил мезгили министрликтен «кызматтык» мүнөздөгү маалыматтар жана документтер жарыкка чыгып кетип жаткандыгын көрсөттү.

Кадрларды тандоодо жана жайгаштырууда КР ТИМинин жетекчилигинин олуттуу кемчиликтери аныкталгандыгын, ошондой эле тышкы иштер министрлиги кызматкерлери тарабынан кетирилген мыйзам бузууларына жетишээрлик объективдүү реакция жасабагандыгын белгилеп коюу зарыл.

Текшерүү Элчи К.Султан Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы жана Корея Республикасындагы дипломатиялык миссияны жетектеп турган мезгилдеги кемчиликтердин жана бузуулардын фактыларын аныктады.

Кыргызстандын Малайзиядагы Элчилигинде жашыруундуулук режимин камсыз кылуу инструкциясы орой бузулгандыгы аныкталды.

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Элчилигинде өндүрүштүк практика өтүү үчүн Кыргызстандын жарандарын ТИМ макулдугу жок кабыл алышы жашыруундуулук режимин бузуу болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Элчиси кызматынан бошотулгандан кийин К.Султанжана анын үй-бүлө мүчөлөрү Малайзиянын ТИМине 2019-жылдын февралына чейин жарактуу болгон «аккредитациялык карточкасын» өткөрүп бербегендиги дагы белгиленген тартипти бузуу болуп эсептелет.

2018-жылдын февраль айында К.Султан «Фейсбук» социалдык тармагындагы жеке баракчасында жана дагы бир веб-сайтта Тышкы иштер министрлиги менен Элчиликтин кат жазышуусун жайгаштырып, ал тургай ТИМ Элчиликке тапшырмасынын фотокөчүрмөсүн кошо тиркеген. Мунун өзү мамлекеттик кызматтагы расмий докуметтер менен иштөөдөгү иш ченемдерин бузуу жана жол бергис иш болуп саналат.

Элчи К.Султан Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин көзүн будамайлап, резиденцияда жашабай, узак убакыт мейманканага жайгашкан. Бул финансылык бузуу болуп саналат. Кыргызстандын Кореядагы Элчиси кезинде К.Султан КР ТИМи менен макулдашпай туруп, Малайзияга жеке иштери менен каттаган.

«Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат жөнүндө» мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын чет элдеги мекемесинин кызматкери жолдошу менен узак убакытка чет мамлекетте иш сапарларда болсо, анын бир айлык акысынын 30 пайыздык ченеминдеги акчалай каражат айлыгына кошумча төлөнөт. Текшерүүнүн жүрүшүндө К.Султандынжубайынын Кореяда Элчи менен чогуу жашагандыгын тастыктоочу документтер алынган эмес.

Буга карабастан КР ТИМи 2018-жылы Элчинин жубайын кармоосу үчүн 6,5 миң доллардан ашык өлчөмдөгү каражатты негизсиз төлөп берген.

Мындан тышкары КР Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча К.Султан мамлекеттик кызматта иштеп туруп, бир эле учурда «Супер», «Супер кроссворддор», «Супер сканворддор» гезиттери чарбалык субъектилеринин жетекчиси болгон.

Тышкы иштер министрлигиндеги, ошондой эле К.Султандын Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы жана Малайзиядагы дипломатиялык миссиянын башчысы болуп иштеген маалындагы аныкталган бузуулар фактылары боюнча материалдар карап чыгып, укуктук баа берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлдү.

Источник: super.kg