КСДП: Партия менен фракция тиреши

Автор: Элеонора Сагындык кызы, корреспондент Би-Би-Си в Бишкеке
BBC. Кыргыз кызматы BBC. Кыргыз кызматы
10 октября 2018
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы жакынкы күндөрү депутат Рыскелди Момбековду катарынан чыгарат деген сөз тарап, ал эл өкүлүнүн диплому жасалмабы же жокпу тийиштүү текшерүүлөр жүрүшү керек деген демилгеге туш келди.

Айрым байкоочулар мындан атамбаевчил делген депутаттарды фракциядан сүрүп чыгаруу аракетин көрүшүүдө.

Учурда КСДП партиясынын экс-президент Алмазбек Атамбаев башындагы борбордук штабынын багыты менен парламенттеги Иса Өмүркулов башындагы фракциянын позициясы эки ачаланып калганы байкалат.

Бир бетин өпсөм бир бетиң калат...

Парламент депутаты Рыскелди Момбеков өзү диплому жасалма деген айыптоолор негизсиз экенин айтып, ушул жума күнү фракция жыйынга чогулуп, анын мүчөлүктөн чыгаруу маселесин карай турганын журналисттерге билдирди.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидеринин кабылдамасы фракция 12-октябрда жыйынга чогуларын тастыктап, бирок Момбековдун маселеси каралабы, аны ачыктаган жок.

Рыскелди Момбековдун соңку кезде КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов менен тирешпесе да, айрым маселелерде фракция жетекчилиги менен пикирлери бир келбей калган учурлары болуп келди.

Соңкусу, Акыйкатчыны шайлап жатканда Өмүркулов башындагы фракция Токон Мамытовду кесипкөй адис катары көрсөтүп жатса, Момбеков ага эмес, дагы бир талапкер Рита Карасартовага тартканы эсте.

"Мамлекетке Мамытов керек болсо, анда бардыгыбыз шайлашыбыз керек. Жок, мамлекетке Акыйкатчы институт керек болсо, анда Токон Мамытовду жайлашыбыз керек да, Рита Карасартованы шайлашыбыз керек", - деген депутат.

 

Бирок Момбеков өзү КСДП ичиндеги эки жээктин бирине да тартпасын буга чейин деп билдирген:

 

"Өткөн бийликтин бир алгылыктуу ишин мактасаң бул "Атамбаевдин адвокаты" дешет. Анан бүгүнкү иштерди, алалы, коррупцияга каршы күрөштү айтсаң "бул - Сооронбай Жээнбековдун кишиси экен, Атамбаевдин саткан киши" экен дешет. Мындай бөлүүнүүнү жаратып жаткан журналисттер менен тролльдор".

Ушу күндөрү Рыскелди Момбеков өзүнүн кичи мекени Таласта жүргөнү маалым болду. Президент Жээнбеков дагы иш сапар менен Таласта жүргөнүн белгилей кетели.

Биздин жолдор эки айрылыш....

Неси болсо да, учурдагы кырдаал КСДП ичиндеги кризис тереңдегенден тереңдеп баратканын көрсөтүп жаткандай.

"Кыргызстан Социал-демократтардан партиясы жана алардын парламентте отурган фракциясы ортосунда ажырым март айында эле байкалган. Экс-президент Алмазбек Атамбаевди партия лидерлигине кайра шайлоодо фракцияда отурган кээ бир депутаттар катышкан эмес. Кийинчерээк Атамбаевдин Сапар Исаковду колдогонуна карабай, КСДП фракциясы Исаковду бир добуштан отставкага кетирген", - деди саясат талдоочу Нурсултан Акылбек.

Жакында эле КСДПнын саясий кеңеши депутат Кожобек Рыспаевди фракциядан чыгаруу тууралуу сунушун жолдоп, бирок бул сунуш дагы фракция тарабынан четке кагылды.

Нурсултан Акылбек бул көрүнүштү партия менен фракциянын расмий ажырымы деп белгилесе болот дейт.

"КСДП фракциясынын мындай аракеттери бийликте калуу максатында жасалып жатат деп ойлойм. Бул жерде мамлекеттин же партиянын кызыкчылыгы тууралуу кеп жок. Бул тирештен кийин келерки шайлоодо КСДПда чоң тазалоо болору ачык-айкын болуп калды. Партиянын түзүмүн тазалоо тууралуу Атамбаев өзү деле бир нече жолу айткан эле. Ал эми парламентте КСДП атынан отурган депутаттар дагы келерки шайлоодо жаңы партия менен барышары күтүлөт",-деди саясат талдоочу.

Бир кадам алдыга, эки кадам артка

Эгемен Кыргызстан тарыхында буга чейин деле партия жана ошол эле партиянын парламентте отурган фракциясынын багыты ача чыгып калган учурлар болгон.

1990-жылдардагы курамы 80% коммунисттерден турган легендарлуу парламент депутаттары коммунистке каршы болуп, демократ Аскар Акаевге добуш бергени эсте. Бирок ал мисалды КСДПнын азыркы кырдаалына аналог келтирүүгө болобу? Себеби, анда өткөөл мезгилдеги системалык алмашуу доорундагы депутаттардын тандоосу болгон эмеспи.

КСДП партиясы менен фракциясынын ортосундагы бүгүнкү кырдаал Кыргызстанда парламентаризм орногуча дагы далай суу агарын айгинеледи, дешет талдоочулар.

Социал-демократтар өлкөдөгү партиялар шайлоо алдында идеялык биригүүгө барбай эле, утурумдук кызыкчылыктар үчүн кокус баш кошкон саясатчылардын уюшма тобу болуп жатканын көрсөтүп жаткандай.

Источник: Кыргызская служба Би-Би-Си