Депутат Бахадыр Сулеймановдун жарандыгы тууралуу маалыматты Башкы прокуратура текшере баштады

28 сентября 2018
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Жогорку Кеңештин депутаты Бахадыр Сулеймановдунжарандыгы тууралуу маалыматты Башкы прокуратура текшере баштады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Прокуратуранын белгилешинче, тийиштүү документтер 25-сентябрда келип түшкөн. Материалдын негизинде териштирүү иштерин Коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгы жүргүзүп жатат.

26-сентябрда парламенттин акыйкатчыны шайлоо жыйынында депутат Бахадыр Сулейманов акыйкатчылыкка талапкер Токон Мамытовдон "Сиз мени башка өлкөнүн жараны деп айтыптырсыз" деп сураган. Мамытов "Сиздин башка өлкөнүн жараны болгонуңуз боюнча менде материалдар бар. 1 ай мурун Казакстандын ИИМи тарабынан жана Кыргыз органдары тарабынан маалыматтар алынып, прокуратурага жана ИИМге өткөрүлүп берилди" деп жооп кылган.
http://www.super.kg/kabar/news/246947/

Источник: super.kg