Сатыбалдиев медициналык текшерүүгө муктаж

Автор: Бахар Хакимова
Марал радиосу Марал радиосу
29 августа 2018
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев медициналык текшерүүдөн өтүүгө муктаж. Бул тууралуу Акыйкатчы институту кабарлады.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери УКМКнын убактылуу кармоочу жайында кармалып жаткан мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевден кабар алган. Буга чейин да анын адвокаты кайрылып, аны менен сүйлөшүү жүргүзүлгөн.

Анда Сатыбалдиев 2013-жылы жүрөгүнө операция жасалганын, убакыт өткөн сайын медициналык кароодон өтүп турганын айткан. Дарыгерлер ага көбүрөөк басууну жана текшерилип турууну сунушташкан. Бирок кармалгандан кийин саламаттыгы начарлап кеткен.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдиргендей, жакынкы убакытта Сатыбалдиевдин жүрөгүнө комплекстүү текшерүү жасалат.

Источник: maralfm.kg