Сапар Исаков 60 кг чейин штанга көтөрүп калды, - жактоочу

29 августа 2018
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Turmush -  Бүгүн, 29-августта Жогорку сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду 5-октябрга чейин МУККтун убактылуу кармоочу жайында камакта калтырды.

Жактоочу Замир Жоошевдин айтымында, буга чейин тергөөчү С.Исаковду 5-октябрга чейин камакта калтырууну сунуштаган.

«С.Исаковдун ден соолугу жакшы. Ал спорт менен машыгып, ден соолугуна кам көрүүдө. СИЗО мекемесине киргизилгенде машыгып баштаган. Алгач ал жатып алып 25 кг салмактагы штанганы көтөрсө, учурда 60 кг көтөрүп жатат. Буга карабастан камакта жатуу абдан жаман жана биз ал жакында акталат деп үмүттөнөбүз. Ал эркиндикке чыгат. С.Исаков таза адам, анын эч кандай күнөөсү жок. ЖЭБ боюнча биринчи экспертиза, сурак, топтолгон далилдер анын күнөөсү жок экенин көрсөтүп жатат. Адамдар берген көрсөтмөлөрдө тергөөчү анын күнөөсү жок экенин көрүп турат. Экинчи экспертизанын тыянагы даяр болду, анткени ал биринчи жыйынтыкка макул болгон эмес. Мүмкүн ар кандай себеп менен экинчи экспертиза аларга керек», - деди жактоочу.
 9-августта мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун камактагы мөөнөтүн узартууга байланыштуу кассациялык арыз Бишкек шаардык сотунда каралган. Анда С.Исаков: «Мен үчүн баарынан абийир маанилүү», - деп белгилеген.

Анын айтымында, МУККка суракка чакырылган учурда дайыма 10 мүнөт эрте барып турган.

«Тергөөчү Сабировдун талабы менен документтерди, өздүгүмдү аныктаган ID-карт паспорт, жалпы жарандык жана дипломатиялык паспортту бергем. Тергөө учурунда мени КСДП партиясынын төрагасынын биринчи орун басары катары Москвага чакырышты. Мага тергөөчү барууга уруксат берди, бирок мен тергөөдөн качып жана өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылып жаткандай шек жаралбашы үчүн баруудан баш тарттым.

Баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн кароону өтүнөм», - деген Исаков тергөөгө байланыштуу МУККтун кызматкерлери менен максималдуу түрдө байланышта болуп жатканын белгилеген.

Ал эми Бишкек шаардык соту Сапар Исаковду 5-октябрга чейин камакта калтырган.

Мурунку премьер-министр Сапар Исаков 2018-жылдын 5-июнунда 2 айга камакка алынган. Ага 29-майда КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 303-берененин 1-бөлүмү (коррупция) боюнча айып тагылган болчу. Буга чейин Бишкек ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча кылмыш иш козголгон. Андан кийин С.Исаковго карата сыртка чыкпоо чарасы кабыл алынган.

МУККтун маалыматында: «С.Исаков 2013-жылы Президенттик аппараттын жетекчисинин рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап турганда «Бишкек ЖЭБди модернизациялоо» долбоорунун алкагында саясий абалынан пайдаланып, мурда келишип алган тарапташтары менен бирге чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргогон. Бөдрөтчүнү (подрядчик) тандоодогу мындай аракеттин кесепетинен мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген. Учурда тергөө иштери улантылып жатат», - деп айтылат.
http://www.turmush.kg/news:351194/?from=kg_turmush&place=newstoplast

Источник: Баракелде