Бүгүн, 15-августта Жогорку Сот Бишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырды. 30-июлда Бишкек шаардык соту экс-мэр Албек Ибраимовду 29-августка чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алган.
Бүгүн аны колдоп 100дөй тарапташы чогулду.
Эске салсак, Албек Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалган.