Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарында эрк жок

Автор: Айжамал Худайбердиева
Марал радиосу Марал радиосу
Обратите внимание на дату публикации.

«Жаңы шайланган мэр биринчи кезекте экология маселесине көңүл бурушу керек. Ошондой эле коомдук транспорт көйгөйүн жөнгө салып, калааны жашылданырууга, бак-дарактарды сактоого маани бериши зарыл. Шаар тургундарынын укугун биринчи кезекте мэр коргошу кажет.» Мындай пикирин укук коргоочу Калича Умуралиева “Марал” радиосуна билдирди.

Анын айтымында, талапкерлер калаа мэрлигине өзүн-өзү көрсөтө алганда жаңы фигуралар пайда болмок. Эми кесипкөй адамдар аз келет. Ошондуктан бир мандаттуу шайлоо болушу керек.

«Алтынай Омурбекова мэр болсо жакшы болмок. Эмне үчүн татыктуу кишилерди колдоп чыгышпайт? Мен да шаарды жакшы билем, талапкерилигимди коймокмун, бирок акчам жок. Шаардык кеңешке депутат болгум келсе сөзсүз бир партияга барышым керек», — дейт укук коргоочу.

Умуралиева белгилегендей, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарында эрк жок. Алар бийликтин буйругун кынтыксыз аткарышууда.

«Шаардык кеңеш мыйзамдын негизинде иштебей, берген убадаларын аткарбай жатат. Айрым чечмидерин көрүп ыйлагың келет. Албек Ибраимов Кулматовдун долбоорун улантам деп күнөөлүү болуп калды. Ал эми депутаттар эч кандай жоопкерчилик алган жок. Көпчүлүк эл депутаттарга нааразы», — дейт Умуралиева.

Источник: maralfm.kg