Канатбек Исаев үй камагына чыкты

Обратите внимание на дату публикации.

Бишкек шаардык соту УКМКнын тергөө абагында отурган Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевди үй камагына чыгарды. Мындай чечимге Исаевдин адвокаттары баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн келтиргени себеп болгон.

Эскерте кетсек, Канатбек Исаевге  “Бийликти басып алуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон болчу.

Источник: fakt.kg