Ички иштер министрлигинен айдалган милициялардын тизмеси жарыяланды

Автор: Талгат Мураталиев
Марал радиосу Марал радиосу
Обратите внимание на дату публикации.

Ички иштер министрлигинин жарым жылдык иштин жыйынтыгы боюнча өткөн коллегиялык жыйында бир катар кызматкерлер жазасын алышты. Анын ичинен 18 милиция толугу менен министрликтеги кызматынан ажырады.

Алар:

— Тергөө кызматынын жетекчиси Үмөталиев,

— СБНОНдун жетекчиси Бакиров,

— ГУИТтин жетекчиси Бообеков,

— Жалал-Абад облустук башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Аккулуев,

— Жалал-Абад облустук башкармалыгынын жетекчиси Досов,

— Ош шаардык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Садыров,

— Аламүдүн райондук башкармалыгынын жетекчиси Артыкулов,

— Кызыл-Кыя шаардык башкармалыгынын жетекчиси Ашырбаев,

— Криминалдык кызматтын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын жетекчиси Муратов,

— Аксы, Москва Аламүдүн райондук башкармалыгынын жетекчи орун басарлары кызматтан алынды.

 

Источник: maralfm.kg