Ош шаарынын мэрин шайлоо 18-июлда өтөт

Автор: Жылдыз Джускембаева
SUPER.KG SUPER.KG
Обратите внимание на дату публикации.

Ош шаарынын мэрин шайлоо 18-июлда өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шайлоо аталган күнү саат 9:00дөн 12:00гө чейин өтөт.

"Ош шаарынын статусу жөнүндө" мыйзамынын 22-беренесине ылайык, талапкердин жогорку билими, мамлекеттик, муниципалдык кызматта же мамлекеттик билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелеринде, уюмдарында, жеке менчик чарба жүргүзүүчү субъекттерде жетекчилик кызматтарда 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар болушу керек. Ошондой эле мамлекеттик тилди эркин билген Кыргыз жараны шаардын мэри боло алат. Кылмыш жасаганы үчүн соттуулугу бар, анысы мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган, ошондой эле чет мамлекеттин жарандыгына ээ адам шаардын мэри боло албайт.

Эске салсак, 3-июлда Айтмамат Кадырбаев Оштун мэрлигинен бошотулуп, Өнөр жай, энергетика жана кен казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматына дайындалган
http://www.super.kg/kabar/news/237293/

 

 

Источник: super.kg