Фарид Ниязов Ренат Самудиновдун кайрылуусундагы өз дарегине айтылган сынга жооп берди

Автор: Сталбек Абдижалил уулу
SUPER.KG SUPER.KG
Обратите внимание на дату публикации.

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов Ренат Самудиновдун кайрылуусундагы өз дарегине айтылган сынга жооп берди.

Жообунда ал Самудиновдун коркутуу тууралуу сөздөрүн четке кагып, дайыма ага жардам берип келгенин айткан.

Ренат келечектүү партия мүчөлөрүнүн бири болгондуктан ага жардам гана берчүмүн. Мен андагы жөндөмдү баалап, аны партияда калтырууга тырыштым. Бирок ал айрым учурларда жагымсыз окуяларга аралашып, туура эмес багытта баратканы билинип калчу. Эгерде ушундай окуялар болбогондо Ренат 2015-жылкы шайлоодо партиянын тизмесинин алдыңкы ондугуна кирмек, бул тууралуу өзү да билет. Аны менен болгон сүйлөшүүлөрүмдүн баары ага жардам берүү максатында өтчү. Ал эми Данияр Аттокуров экөөнүн кадрдык жактан көз караштары карама-каршы эле. Мен аларга интригасыз, бет маңдай отуруп сүйлөшүүнү кеңеш бергем.

Ренаттын партиянын катарынан чыгарылышы КСДП президенттикке талапкер катары Сооронбай Жээнбековду көрсөтүүдө, анын бул чечимге каршы иш жүргүзгөнү себеп болгон.

Анын "жашоомо коркунуч болду" деп качкын статусун алуу үчүн эмне деп айтканын өз абирийине койдум. Атамбаевдин учурунда мындай көрүнүштөр бир дагы жолу болгон эмес. Мен үчүн Самудинов менен жубайынын өлкөдөн чыгып кетиши өкүнүчтүү. Алар Кыргыз өлкөсүндө туруп да бир катар ийгиликке жетишмек”, - деп жооп берди.

Эске салсак, АКШдан саясий башпаанек сурап, жубайы менен чек арадан кармалган жарандык активист Ренат Самудинов 30-июнда социалдык тармак аркылуу кайрылуу жасаган.

Кайрылууда ал өлкөдөн чыгып кетишине Фарид Ниязов жана Данияр Аттокуров тарабынан коркутуу себеп болгонун айткан.

 

 

 

Источник: super.kg