Дастанбек Жумабеков: Парламентте оппозиция бар

Автор: Бакыт Торогелди уулу
Марал радиосу Марал радиосу
Обратите внимание на дату публикации.

«Парламентте оппозиция бар» бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков парламенттин 2017-жылдын сентябрь айынан, 2018-жылдын июнь айына чейин аткарган иши боюнча маалымат берип жатып билдирди.

«Учурда «Өнүгүү-Прогресс» менен «Ата Мекен» оппозициялык фракциялар. Алар ар кандай маселелерде өз пикирлерин билдирип келет. Парламентте оппозиция бар», — деди Жумабеков.

Жогорку Кеңеште жалпы алты фракция бар. Алардын ичинен КСДП, «Республика-Ата Журт», «Кыргызстан» жана «Бир Бол» фракциялары көпчүлүк коалицияны түзөт. Ал эми  «Өнүгүү-Прогресс» менен «Ата Мекен»  фракциялары оппозициялык блокто.

28-июнда депутаттар парламенттин IV сессиясын жыйынтыкташкан. Эми эл өкүлдөрү июль айынын ичинде шайлоочулар менен жолугуп, август айында эс алууга чыгышат.

Источник: maralfm.kg