Бөрүбашев: Жээнбеков кайрылуусунда миграция маселесине токтолушу зарыл эле

Автор: Айжамал Худайбердиева
Марал радиосу Марал радиосу
Обратите внимание на дату публикации.

«Президент 27-июндагы парламенттеги кайрылуусунда сырткы жана ички миграция маселесин айтуусу зарыл болчу.» Мындай пикирин саясат талдоочу, юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, перзиденттин жанында тайдыйбалуу адистер аз болуп жатат. Реформга баруу үчүн билимдүү кызматкерлер керек. Эки, үч кишини камоо реформа эмес.

«Президенттен программаларды көрө албай жатабыз. Аймакты өнүктүрүү боюнча сөз болгондо пенсия, айлык акы жана жумушсуздук меселеси айтылган жок. Укук коргоо органдарында иштегендердин маянасы да, пенсиясы да жакшы. Ал эми карапайым эл үч миң сомдой алат. Кайдагы адилеттик?» — дейт Бөрүбашев.

Ал, кадр тандоодо жеке ишеним принциби иштегендиктен өнүгүү болбой жатканын, кадр маселесине президент, депутаттар жооп бериши зарыл экенин белгиледи.

Эске салсак, 27-июнда Жогорку Кеңеште мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кайрылуу жасап, анда  мамлекеттик кадр кызматы, коррупцияга каршы күрөш, экономикалык ири долбоорлор, аймактарды өнүктүрүү маселелери сыяктуу бир катар жагдайларга токтолгон.

Источник: maralfm.kg