Артыкбаевге тергөө аяктаганча камакта калтыруу чечими чыкты

Автор: Талгат Мураталиев
Марал радиосу Марал радиосу
Обратите внимание на дату публикации.

Бишкек шаардык соту депутат Осмонбек Артыкбаевдин бөгөт чарасын карап, тергөө бүткүчө камакка алуу жөнүндө Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Артыкбаевдин бөгөт чарасы бүгүн, 22-июнда каралды. Буга чейин адвокат анын ден соолугуна байланыштуу бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнүп Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

Эске салсак 5-июнда Башкы прокуратура Осмонбек Артыкбаевге карата “Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал 6-июнда Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси менен козголгон кылмыш ишине шектүү катары УКМКнын тергөө абагына камалган.

Источник: maralfm.kg