Текебаевдин адвокаттары райондук сотко кайрылат

Автор: Талгат Мураталиев
Марал радиосу Марал радиосу
Обратите внимание на дату публикации.

"Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин адвокаттары Башкы прокуратуранын чечимине каршы Бишкектин Октябрь райондук сотуна арыз менен кайрылышты. Бул тууралуу Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Анын айтымында, эгер сот жокко чыгарса, «кетирген кемчиликтерди жоюу» деп берилет. Анда жаңы ачылган жагдайлар менен иш өндүрүшүн козгош керек. Эгер арыз канааттандырылбаса шаардык, Жогорку сотко кайрылышат.

Буга чейин Башкы прокуратура “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин адвокаттары көрсөткөн жагдайлар соттун жүрүшүндө каралган деген негизде ишти кайра кароодон баш тарткан.

Эске салсак, Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдайларга байланыштуу саясатчынын адвокаттары Башкы прокуратурага 22-майда кайрылышкан.

 

Источник: maralfm.kg