Сатыбалдиевге айып тагылып камакка алынды

Автор: Талгат Мураталиев
Марал радиосу Марал радиосу
Обратите внимание на дату публикации.

Бүгүн, 20-июнда Биринчи Май райондук сотунун отурумунда мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевди камакка алуу чечими чыкты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык УКМК тарабынан мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 6-бөлүмүндө «кылмышка шериктеш болуу» жана 303-беренесинин 1-бөлүмүндө «Коррупция» беренелери боюнча айыбы тагылды.

Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун чечими менен УКМКнын убактылуу кармоочу жайына тергөө аягына чейин кармоо жөнүндө баш коргоо чарасы каралды.

Тергөө жүрүп жатат.

Эске салсак,  Сатыбалдиев 18-июнда УКМК тарабынан кармалган.

Источник: maralfm.kg