Turmush - «Мен эч качан өзүмдү күнөөлүү деп эсептебейм», - деп билдирди 20-июнда экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Бишкек шаарынын Биринчимай райондук сотунун жыйыны болор алдында.
«Мунун баары ойлоп чыгарылган», - деп кошумчалады ал.
Буга чейин 18-июнда Бишкек шаарындагы ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кармалгандыгы маалымдалган.
Ал КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 6-бөлүгүндө (кылмышка катышуу) жана 303-беренесинин 1-бөлүгүндө (коррупция) каралган кылмышка шектелүүдө.
Экс-премьер Ж.Сатыбалдиев: Мен күнөөлүү эмесмин (фото)
![]() |
21 июня 2018
Версия для печатиОбратите внимание на дату публикации.
Источник: Баракелде