Жогорку Кеңештен бир депутат өз ыктыяры менен мандатын тапшырды

Обратите внимание на дату публикации.

Жогорку Кеңештеги «Республика – Ата Журт»  фракциясынан депутат Болотбек Ибраимжанов депутаттык мандатын тапшырды. Бул туралуу ал  укук тартиби, кылмыштуулукка жана жемкорлукка каршы күрөшүү боюнча парламенттик комитеттин отурумунда өзү билдирди.

Депутатка  мамлекеттик миграция кызматынын төрагалык кызматына сунуш түшкөнүнө байланыштуу мандатын тапшырган.

Источник: fakt.kg