Осмонбек Артыкбаевдин күнөөсү аныкталса Азиз Суракматов депутат болот

Обратите внимание на дату публикации.

ЖКнын КСДП фракциясынан депутат Осмонбек Артыкбаевге тагылган айып аныкталса, анын ордуна Азиз Суракматов депутат болуп келет. Бул тууралуу өздүк булактарыбыз билдирди.

Анда белгилүү болгондой, Бишкек ТЭЦинин модернизациясы боюнча келишимдерге катышкан мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев азыр УКМК тарабынан камакка алынган. Үстүнөн козголгон кылмыш ишин тергөөдө анын айыбы аныкталып, сот тарабынан жазага кириптер болсо, фракциянын тизмесине ылайык парламентке мурдагы депутат Азиз Суракматов мандат алышы ыктымал.

Бизге маалым болгондой, партиянын тизмеси боюнча  кезек 53-катардагы Заирбек Жоошбаевге жеткен, бирок ал, Эсеп палатасынын аудиторлук кызматына баргандыгына байланыштуу өз ыктыяры менен депутаттыкка талапкерликтен баш тартканы белгилүү. Демек, кийинки кезек Азиз Суракматовдо.  Ал буга чейин “Атажурт” партиясынан ЖКнын 5-чакырылышан депутат болгону белгилүү.

Источник: govori.tv