Сот депутат Артыкбаевдин баш коргоо чарасын тандады

Автор: Жамалидин Парманкулов
SUPER.KG SUPER.KG
Обратите внимание на дату публикации.

7-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевге “Бишкек ЖЭБди модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесин биринчи бөлүгүнө ылайык айып тагылды. Ошондой эле Биринчи май райондук соту баш коргоо чарасын тандап, аны тергөө иштери аяктаганга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алуу тууралуу чечим чыгарды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, Осмонбек Артыкбаев 5-июнда "Бишкек ЖЭБди модернизациялоо" долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган

 

 

Источник: super.kg