Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштү КСДПдан баштады

Автор: Венера Алымкул кызы
BBC. Кыргыз кызматы BBC. Кыргыз кызматы
Обратите внимание на дату публикации.

Жогорку бийлик кызматтарында мурда иштеген үч кишинин бир эле учурда камакка алынышы коомдо кызуу талкууга жем таштады. Айрымдар алардын таламын талашып, буга бийликти күнөөлөп жатышса, тескерисинде колдоого алып жаткандар дагы толтура.

Бир күн мурда Бишкек ЖЭБдеги коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында экс-премьер-министр Сапар Исаков, Бишкектин мурдакы мэри Кубанычбек Кулматов жана мурдакы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев УКМКнын тергөө абагына камалды.

Социал-демократтар партиясынын бакандай үч өкүлүнүн бир күндө камакка алынышы коомдо кызуу талкууланып, кайчы пикир жаратууда.

"TBEA ишканасы менен байланышкан маселеде кимдин күнөөсү канчалык экенин, албетте, сот аныктайт. Бирок өлкөдө мындай чуулгандуу маселенин жаралып жатканын өзү мамлекеттик жогорку кызматтарда коррупциянын гүлдөп өскөндүгүнөн кабар берет,- дейт серепчи Бекбосун Бөрүбашев. -Жыйырма жылдан ашык убакыттан бери бийлик коррупцияга жамынып алып, өзүнүн саясий оппоненттерине жана алардын жакындарына иш козготкон учурлар көп эле болуп келген. Ошондуктан коомдо саясий куугунтук деген сөз бекеринен чыгып жаткан жери жок. Чындыгында буга чейин деле бардык президенттер коррупция менен күрөшүүгө аракет көрүп, бирок майнаптуу жыйынтык чыкпай келет. Коррупция- бул система. Башкаруу системасындагы жаман оору. Саясий укуктук системанын начарлыгы коррупцияга алып келет. Демек, ошол система менен күрөшүп, ошол системаны жок кылышыбыз керек. Коррупция менен күрөшөм деп 10-15 кишини отургузуп коюп, жемкордуку талкаладым деген болбогон сөз. Мурунку президент деле баланчаны-түкүнчөнү камадык, коррупциядан арылып жатабыз деп айтып келген. Бирок жыйынтыгын көрүп жатабыз".

Коомдо мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун, мурдагы калаа башчы Кубанычбек Кулматовдун жана депутат Осмонбек Артыкбаевдин темир тор артына киргизилишин кубаттагандар да көп болууда. Коомдук сайттардагы пикирлерге байкоо салсак, соңку камоолор укук коргоо органдарынын чечкиндүү кадамы катары бааланып, мамлекеттин капчыгына зыян келтиргендерге кечирим болбой турганы катары дагы кабыл алынды.

"Президент өзү Социал-демократтар партиясынан чыкса дагы тазалоону өзүнүн мурдагы үзөңгүлөштөрүнөн баштап жатканы эч ким жоопкерчиликтен кача албайт дегенди түшүндүрөт. Жемкордук менен күрөшүү ушундай эле темп менен уланып, алдардан дагы жогору турган киттер жоопкерчиликке тартылса элдин ишеними артат. Маселен, ошол эле мурдагы президенттин айдоочусу, Бишкектин мэри, УКМКнын мурдагы жетекчиси жана экс-баш прокурор тууралуу сөз болуп жатат. Аларды жөн гана иштен алып койбостон саясий буйрук аткарып, мыйзамсыз иштерге барганы үчүн жоопкерчиликке тартуу керек. Ошондо элдин азыркы бийликке болгон ишеними толук артат. Башталган иш ара жолдо калып калбашы керек,- дейт коомдук активист Бурул Усманалиева.

Кубанычбек Кулматов менен Осмонбек Артыкбаев КСДПнын мүчөсү болсо, Сапар Исаков партия төрагасынын орун басары. Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов ЖЭБди модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш иштери боюнча парламент өз баасын бергенин эске салып, эми ишти кароодо объективдүүлүк жана адилеттүүлүк сакталыш керек деген пикирди билдирди.

Фракциянын дагы бир депутат Рыскелди Момбеков акыркы козголгон кылмыш иштери боюнча курч пикирин айтып, коррупция менен күрөшүүдө бир жактуу саясат жүрүп жүрүп жатат деген көз карашта.

Учурда Бишкек ЖЭБдеги коррупция боюнча козголгон кылмыш иштери боюнча мактоолор жана сындар президенттин дарегине бир тараптуу айтылып жатат. Бирок аталган маселе боюнча көрүнүктүү фигураларга кылмыш иши парламенттин депутаттык комиссиясынын иликтөөсүнөн кийин козголгон. Эң оболу Кытай компаниясын тандап алууга буйрук бергендер президент администрациясында болгонун Артыкбаев өзү дагы парламентте ачык айткан эле.

Шейшембиде Бишкектеги сот Сапар Исаковду эки айга, ал эми Кубанычбек Кулматовду 28-июнга чейин камакка алууга чечим чыгарды. Эки саясатчы тең тергөө бүткөнчө камакта калат. Исаков "тергөөгө каршылык кылышы мүмкүн", ал эми Кубанычбек Кулматов "өлкөдөн сыртка чыгып кетиши мүмкүн" деген жүйө менен камакка алынды.

Андан кийин тергөө абагына мурдакы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев дагы камалганы белгилүү болду.

Источник: Кыргызская служба Би-Би-Си